Түрк басма сөзү 05.03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1595603
Түрк басма сөзү 05.03.2021

«Сабах» гезити «Битлистен кайгылуу кабар» деген макаласында улуттук коргоо министрлигинин кечээ Бингөлдөн Татванга баруу үчүн учкан кургак жер күчтөрүнө таандык «Cougar» моделиндеги тик учардын кырсыкка учурагандыгын билдирди. Тик учурдагы 11 аскер шейит болуп, 2 аскер жаракат алды. Президент Р. Т. Эрдоган окуя тууралуу улуттук коргоо министри Хулуси Акардан маалымат алды. Эрдоган шейиттерге Алладан ырайым тилеп, жаралуу аскерлердин бат айыгып кетишин каалады.

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандан билдирүүлөр» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 14 -  лидерлер саммитинде  сүйлөгөн сөзүндө глобалдык апаатка айланган Ковид – 19  эпидемиясына каршы күрөштөн күчтүү тилектештик менен чыгууга болорун белгилегенин жазган. Эрдоган өзгөчө Иранга жасалган бир тараптуу санкциялардын акырына чыгышы аймактын өсүшүнө салым кошорун айтты.

«Стар» гезити «Чаңды улуттук куралга айландырышууда. Түркия саналуу өлкөлөрдүн арасына кирди» деген кабарында түрк коргоо өнөр жайы фирмасы Nurol Teknoloji чаңды улуттук куралга айландырып жаткандыгын маалымдаган. Өнүктүрүлгөн процесс менен бор  карбиди керамикасынын жардамы менен Түркиянын атын бул тармакта дүйнөдөгү саналуу өлкөлөрдүн арасына жаздырды. Зоотту эртүүдө  колдонулган техникалык керамикалар, курама кездемелер менен колдонулуп, дагы жогорку коргоо деңгээлине ээ болгон жеңил зоот конструкцияларына жетише алат.

«Хүррийет» гезити «Эс алуу үчүн  ошол эле тандоо. Чектөөлөр жоюлду. Түркия талаптары артты» деген макаласында Россиянын тур опраторлору биримдиги Түркияда Ковид  - 19 чектөөлөрүнүн жоюлушу менен орус жарандардын эс алуу үчүн дагы эле Түркияны тандашкандарын  белгиледи. Мурунку күнү британиялыктардын да бул жылы эс алуу үчүн эң көп тандаган өлкөлөрдүн бири Түркия болгондугун билдирген.

«Ватан» гезити «Анадолу Ефестин ийгилиги» деген жазуусунда Баскетбол түрк аба жолдорунун Европа лигасынын 27 -  жумасында Анадолу Ефес аянтында Испаниянын командасы Валенсиа  Баскетти 99 -  83кө жеңгенин кабарлаган. Бул жыйынтык менен Анадолу Ефес 16 -  жеңишине жетишкен болсо Валенсиа 13 -  жеңилди.

 

 

 



Тектеш кабарлар