Түрк басма сөзү 04.02.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1577092
Түрк басма сөзү 04.02.2021

 

«Хабер Түрк» гезити «Эрдогандын жаңы конституцияга чакыруусу» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган жакында жасаган жаңы Конституцияга чакыруусун кайталаганын маалымдаган. Жаңы конституцияга оң салымын кошкусу келгендердин баарынын иштешин көргүсү келгендерин айткан Эрдоган: «Бул конституция Президенттик Өкмөт системасы жана тарыхый жеишкендиктер менен ташталган кадамдарга курулат. Учурдагы конституцияны обочолонтуп, жаңы жарандык конституциянын үстүнөн иштөө кең мейкиндиктерди ачат»,-деди.

«Ватан» гезити «Түркия АКШ менен Орусиянын ортосундагы келишимди кубаттайт» деген маалыматында Түркия, АКШ жана Россия Стратегиялык куралдарды кыскартуу (Жаңы Старт) келишимин 5 жылга узартуу чечимин кубаттаганын жарыялаганын маалымдаган. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бул маанилүү кадам курал-жаракты көзөмөлдөө режиминин күчтөндүрүлүшүнө жана глобалдык коопсуздук сыноолору менен күрөшүүгө салым кошот деп үмүттөнөбүз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «АКШ: Түркиянын олуттуу потенциалдуу өндүрүш борбору бар» деген кабарында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) элчиси Дэвид Саттерфилддин өлкөсүнүн Түркия менен ортосундагы илгертен бери келе жаткан жана ийгиликтүү ишкерлик мамилелерге болгон берилгендигин улантып жаткандыгын жана  учурдагы соода байланыштарын чыңдоону каалагандыгын айтканын баяндаган. Саттерфилд: «Түркиянын инвестициялык чөйрөсүнүн эң позитивдүү жактары, аймактын ыңгайлуу калкы жана көптөгөн маанилүү рынокко чыгууну камсыз кылган географиялык абалда жайгашкан»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Быйыл Teknofestте 35 ар кандай тармакта технологиялык мелдештер болуп жатат» деген кабарында дүйнөдөгү эң ири авиация, космос жана технология фестивалынын төртүнчүсү Teknofest 2021-жылдын 21-26-сентябрында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда өтөөрүн маалымдаган. Өткөн жылдагыдан айырмаланып, фестиваль биринчилерден болуп аралаш үйүрлөрдү симуляциялоо, байланыш технологиялары, согушуучу учкучсуз учуучу аппараттар, жасалма интеллект, маданият жана туризм технологиялары, айыл чарбасында учкучсуз учуучу аппараттар жана тармактагы санарип технологиялар боюнча мелдештерди уюштурат.

«Стар» гезити «Дүйнөлүк Банктан, Түркияга рекорддук инвестиция» аттуу кабарында өткөн жылы Түркияга жасаган инвестициялары жөнүндө билдирүү жасаган Дүйнөлүк Банк, жалпы суммасы 2,5 миллиард долларды түзгөн  9 орчундуу өнүгүү долбоорлорун каржылоо үчүн маанилүү  финансыны камсыздаганын жарыялаганын маалымдаган. Дүйнөлүк Банктын Түркия боюнча өлкөлүк директору Огюсте Тано Коуаме, Дүйнөлүк Банктын 2021-жылы дагы Түркиянын социалдык жана экономикалык өнүгүү муктаждыктарын улантуу үчүн керектүү мекемелердин чыңдалышына өз салымын кошо турганын айтты.

 



Тектеш кабарлар