Түрк басма сөзү  03.02.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1576388
Түрк басма сөзү  03.02.2021

«Хүррийет» гезити «Байден мезгилинде Түркия менен АКШнын ортосундагы биринчи байланыш» деген кабарында президенттиктин катчысы Ибрахим Калын АКШ Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Жаңы президент Жо Байдендин кызматка келишинен кийин АКШ менен Түркиянын ортосунда биринчи сүйлөшүү болду. Калын Салливан сүйлөшүүсүндө Түркия  - АКШ  эки тараптуу карым  - катнаштары жана Сирия, Ливия, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Кипр, Афганистан, Жогорку Карабах, Ковид  - 19  жана эл аралык климаттык режим маселелеринин каралгандыгы белгиленди.

«Йени шафак» гезити «Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасында : Эгемендүү теңдиктин негизинде сүйлөшүү керек» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар менен сүйлөшкөндөн кийин берген маалыматында : «Биз дагы бир жолу федерация үчүн сүйлөшпөйбүз. Чындыктары менен айттык. 52 жылдан бери болгон жок, эртең болоорунун кепилдиги да жок. Кипр маселесинде эгемендүү теңдиктин негизинде сүйлөшүү керек. Эгемендүү теңдик бар болсо анда эки мамлекет да болушу керек»,- деди.

«Стар» гезити «Дүйнөгө аты угулду! Буюртмалар келди» деген макаласында Карсандын жогорку башкаруучусу Окан Баштын 100 пайыз электрдүү жана айдоочусуз автобус Karsan Otonom Atak Electricтин Румыния жана АКШ менен бирге Түркияда да жолго чыгууга даярдангандыгын белгилеп : «Түркияда да колдонулат бирок биринчи жолу Президенттик комплексте колдонулат»,- дегенин билдирди.

«Сабах» гезити «Министр Пекжан жарыялады: экспорт рекордго жетти» деген кабарында соода министри Рухсар Пекжандын : «Январь айында экспортубуз өткөн жылдын ушул эле айына караганда 2 жумуш күнү кем болгонуна карабастан 2, 5 пайыздык өсүү менен 15 миллиард 48 миллион  доллар болуп ишке ашты. Бул сан бардык мезгилдердин январь айындагы эң жогорку экспорт саны»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдору Европада биринчи орунда турууну улантууда» деген маалыматында Европа Аэроновигация Коопсуздук Уюмунун маалыматтарына караганда түрк аба жолдору өткөн жумада күнүмдүк орточо 588 каттам менен Европада биринчи орунду алды.



Тектеш кабарлар