Түрк басма сөзү 02.02. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1575661
Түрк басма сөзү 02.02. 2021

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдоган айдоочусуз автобустун биринчи жүргүнчүсү» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдогандын түрк инженерлери чыгарган айдоочусуз автобус Electricти сынап көргөндүгүн жазган. Эрдоган соцтармактан берген маалыматында : «Кабинет жыйыныбызга түрк инженерлери чыгарган дүйнөнүн алгачкы айдоочусуз электрдүү автобусу Atak Electric менен баратабыз»,- деди.

«Стар» гезити  «Чавушоглу Түркия өз  отчетун жазат» деген кабарында ушул күнгө чейин Европа Биримдигинин АКШнын Түркия жана  башка өлкөлөр тууралуу отчет жазганын айткан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун : «Түркия республикасынын тышкы иштер министри катары жыл сайын  кайсы өлкөдө ислам душмандыгы, чет элдик душмандыгы, расистикти камтыган кыймыл жана сөздөр айтылды булардын баарын чогултуп дүйнөгө билдиребиз. Эми Түркия да өз отчетторун дүйнө адамзаттыгы үчүн жазууну улантат»,- дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Улуттук коргоо министри Акардан Түркия  -  Россия биргелешкен борбору» деген билдирүү» деген макаласында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Тоолуу Карабахта ок атышпоону сактап калуу үчүн кызмат кыла турган Түркия  -  Россия биргелешкен борборунун иштеп баштагандыгын белгилеп : «Тилегибиз башка бардык иштерибиз менен бирдикте бул борбордун да салымы менен ок атышпоонун туруктуу абалга  айланышы, ырааттуулуктун түзүлүшү, тынчтык жана бейпилдиктин аймакка орношу»,- дегенин маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Министр Дөнмез : Нефть өндүрүшүбүз 2020 -  жылы 1,5 миллион баррелге артты» деген кабарында  энергетика жана жаратылыш ресурстар министри Фатих Дөнмездин нефть өндүрүшү  2020 -  жылы андан мурунку бир жылга караганда 1, 5 миллион баррелге көбөйүп 22 миллион баррелден ашкандыгын белгилегенин билдирген.

«Ватан» гезити «Туризмде өнүгүү! Түркия тарыхында бир алгачкы» деген маалыматында Анталия шаар кеңешинин туризм боюнча иш алып баруу группасынын төрагасы Режеп Явуз туризмде 12 айдын күчсүзү болгон январь айынын 2020 -  жылдын июль, август жана сентябрь айларынан ашып өтүп 2 миллион 287 000 турист менен жылдын чемпиону болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар