Түрк басма сөзү  29.01.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1573386
Түрк басма сөзү  29.01.2021

«Сабах» гезити «Түркия Эгей деңизи, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Кипрде мыйзамдарын коргоодо чечкиндүү» деген маалыматында 2021 -  жылдын алгачкы Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйыны Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде чогулгандыгын жазган. Улуттук Коопсуздук Кеңешинин билдирүүсүндө Түркиянын Эгей, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Кипрде эл аралык мыйзамдан келип чыккан укуктарын коргоодо чечкиндүү экендери баса белгиленди. Билдирүүдө : «Аймагыбыздагы негизги ыраатсыздыктын булагы болгон террордук уюмдарды түштүк коңшуларыбыздын жерлеринен жок кылуунун негизинде ташталган кадамдар каралып, маселеге катышкан эл аралык бардык актерлор өздөрүнө берилген жоопкерчиликтерди орундатууга чакырылды»,- деп билдирилди.

«Йени шафак» гезити «Жергиликтүү вакцина дагы ишенимдүү болот» деген кабарында  түрк окумуштуулары иштеп жаткан жергиликтүү вакцинанын жаңы тип коронавируска карата ишенимдүүлүгүнүн дагы жогору болору белгиленди. Түркия Илимий жана Технологиялык изилдөө мекемеси ТҮБИТАКтын төрагасы Хасан Мандал жергиликтүү вакцина эмгектери тууралуу : «Бул вакциналар өлкө тышындагылардын окшошу эмес. Вируска каршы таасирдүү жана ишенимдүүлүгү дагы жогору вакциналар болот»,- деди.

«Стар» гезити «Британия Түркия менен кызматташуу түзүүдө чечкиндүү» деген маалыматында Британиянын Анкарадагы элчиси Доминик Чилкотт өлкөсүнүн коргоо тармагында Түркия менен иштешүүгө жана коргонуу өнөр жай тармактарынын ортосунда кызматташууну улантууда чечкиндүү экендигин билдиргенин маалымдаган. Британиялык элчи  эки өлкөдөгү фирма жана керектөөчүлөрдүн бири биринин продукцияларын сатып алуу тууралуу күчтүү каалоолорунун бар экендигин баса белгиледи.

«Ватан» гезити «Түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарына күч кошо турган ракета» деген кабарында түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарына күч кошо турган MAM-L ракетасынын лазер менен башкарылган версиясында аралык 15 километрге жогорулатылганын жазган. Адистер бир канча убакыттан кийин түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын оюн куруучу катары эскерилерин айтып : «Түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары аларга каршы коргоно тургандардын кыймыл пландарын алмаштыра турган бир күчкө ээ болот»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Дүйнөнүн эң коопсуз шаарлары тизмесине Түркиядан 6 шаар кирди» деген макаласында изилдөө фирмасы Numbeoнун 2020 -  жылдын эң коопсуз шаарларын билдиргенин белгилеген. Түркиядан да 6 шаар кирген тизмеде Эскишехир 82, 45 балл менен сегизинчи орунда турат. Түркиядан Анталия, Бурса, Измир, Анкара, Стамбул да эң коопсуз шаарлар тизмесинде орун алды.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар