Түрк басма сөзү 13.11.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1527142
Түрк басма сөзү 13.11.2020

«Хүррийет» гезити «Эрдоган Түркия эми космос лигасында» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Түркиянын жергиликтүү жана улуттук спутник эмгектери менен эми космос лигасында экендигин айтканын белгилеген. «Толугу менен улуттук болуп жасалган спутник учуруу тесттери ийгиликтүү аяктады. Бул тесттерде 4 жолу космоско чыктык»,- деген Эрдоган эл алдына бардык тармакта жаңы ийгиликтер менен чыгууну улантышарын айтты.

«Стар» гезити «Азербайжандын жеңишинде түрк учкучсуз аба аппараттарынын ролу» деген макаласында АКШнын мурдагы Азербайжан элчиси жана тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Мэттью Брайзанын Азербайжан армиясынын Арменияга каршы согуш  аянтында мынчалык жакшы болушу түрк учкучсуз аба аппараттарына байланыштуу экендигин айтканын жазган. Учкучсуз аба аппараттарынын таң калтыруучу даражада таасирдүү болгонун белгилеген Брайза бул ийгиликти керемет деп мүнөздөдү.

«Хабер түрк» гезити «Түркия дүйнөдө логистикалык супер күч болот» деген маалыматында транспорт жана инфраструктура миинистри Адил Караисмаилоглунун Түркияда инфраструктура менен бирге жүргүнчүнүн канааттануусун жогорку деңгээлге чыгара турган темир жолдун  болорун айтканын билдирген. Түркиянын инвестициялары менен дүйнөдө логистикалык супер күч болорун баса белгилеген Караисмаилоглу Азербайжандагы жаңы абалдардан кийин Нахчиван тарабына бир темир жол пландагандыгын жана пландоо иштеринин аяктап баратканын билдирди.

«Сабах» гезити «Багынган террорист саны 200гө жетти» деген кабарында ПКК террордук уюмдан качуунун уланталып жаткандыгын жазган. Кечээ Шырнакта ынандыруу жолу менен 1 ПКК террористти дагы багынды. Ансыз да  колу кандуу ПККдан качып багынган террорист саны жылдын башынан бери 197ге жетти.

«Ватан» гезити «Белгилүү фирма Түркия менен кызматташуу  келишимине кол койду» деген маалыматында түрк авиация жана космостук өнөр жайы ТУСАШ жана Боинг Түркияда термопластикалык бөлүкчөлөрдү өндүрүү тууралуу кызматташуу келишимине кол койгонун маалымдаган. Түркияда курула турган комплексте жергиликтүү жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен дүйнөлүк стандарттарда термопластикалык бөлүкчөлөрдү чыгарат.  

 



Тектеш кабарлар