Түрк басма сөзү 12.11.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1526512
Түрк басма сөзү 12.11.2020

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандын билдирүүлөрү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ жасаган билдирүүсүндө, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы келишим жөнүндө,  «Түркия, келишимдин аткарылышын байкоо жана көзөмөлдөө үчүн аймакта түзүлө турган  тынчтык күчүндө Орусия менен биргеликте орун алаарын айтканын баяндаган. Ок атышпоо келишимин байкоо жана көзөмөлдөө үчүн түзө турган Биргелешкен Түрк-Россия борбору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга бүгүн эртең менен кол коюлду.

«Хабер түрк» гезити  «Тышкы иштер министрлигинин АКШнын мамлекеттик катчысы Помпеонун Түркияга иш сапары боюнча билдирүүсү» деген маалыматында Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Түркияга болгон иш сапары боюнча билдирүүсү жасаганын маалымдаган. Министрликтин билдирүүсү боюнча, Помпеонун Фенер рум православдык Патриги менен Түркиядагы жана аймактагы диний иштерин карай турганын, «АКШнын алгач күзгүгө карашы жана өз өлкөсүндөгү расизм, адам укуктарынын бузулушуна, мисалы, Исламга душмандык жана жек көрүү кылмыштары сыяктуу маселелерге сезимталдуулукту көрсөтүшү туура болот»,делди.

«Сабах» гезити  «Британиялык басма сөздө Азербайжандын Карабахтагы жеңиши ушундай берилди; согуштун эң чоң жеңүүчүсү- Түркия» аттуу кабарында Азербайжандын Карабахтагы жеңиши жөнүндө таң калыштуу жаңылыктар Англиянын Telegraph, Times жана Guardian гезиттеринен алынганын жазган.  Улуу Британиянын басма сөзүндө, Азербайжан жана Армениянын ортосундагы келишимдин анализдери жана жаңылыктары,  Тоолуу Карабахтагы согуштун чыныгы жеңүүчүсү Түркия болгону жана  Анкаранын аймагындагы чечүүчү ролу аныкталганы, Батыштын болсо бурчка түртүлгөнү жөнүндө бааланганы кабарланган.

«Йени шафак»гезити  «Дөнмез: «Кануни» кемеси Кара деңизде иштей баштайт» аттуу кабарында энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмездин: «Мэрсин / Ташужу портунда модернизацияланышынан кийин, ал жерден чыккан «Кануни» бургулоо кемесинин 2021-жылдын биринчи айларында Кара деңизде иштей баштайт» деп айтканын берген.

«Стар» гезити «Формула-1дин 15-Июль Шейиттер көпүрөсүндө өтүшү жана Түркияда жаңылык» деген кабарында Формула-1 жарыштарынын 14-этабы, «Формула 1 DHL Түрк Гран-При-2020'нын алдында, Стамбулда 15-Июль Шейиттер көпүрөсүндөгү иш-чаранын жайылтылышынын  алкагында транспорттун өтүүсүнө убактылуу жабылганын жазган.  Формула-1 командаларынын бири RedBull Racing командасынын айдоочусу Александр Альбон өзүнүн Формула-1 унаасы менен 15-июль шейиттер көпүрөсүнөн өттү. Ошентип, Формула-1 жана Түркиянын тарыхындагы Азиядан  Европа тарабына өтүү менен, дүйнөдөгү биринчи трансконтиненталдык пит-стоп ишке ашты.



Тектеш кабарлар