Түрк басма сөзү 23. 10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1514500
Түрк басма сөзү  23. 10.2020

«Сабах» гезити «Эрдоган Ирандын президенти менен сүйлөштү» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Ирандын президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Түркия  - Иран карым  - катнаштарын өнүктүрө турган жана террор менен күрөшүүнү күчтөндүрө турган жагдайлар каралган сүйлөшүүдө Азербайжан  - Армения маселеси, Сирия жана аймактык маселелер каралды.

«Хүррийет» гезити «Министр Акардан билдирүү» деген макаласында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Анкарада Полатлыдагы Генерал Нахит Шеноглу Атыш жана машыгуу аймагында болгон «Атуу эркин  - 2020» иш чарасында сүйлөгөн сөзүндө Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги абалдарга байланыштуу : «Биз коңшуларыбызды, башка мекеме жана уюмдарды диалогго чакырабыз. Келгиле сүйлөшөлү, талкуулайлы, эрежелердин алкагында бул маселелерди чечели. Биз ушуну билебиз. Мунун тышында мыйзамга, акыл  - эске дал келбеген, өзгөчө үчүнчү тараптардын өзүнчө эрежелерди чыгарууга аракет кылышы же ал эрежелердин биз тараптан кабыл алынышын күтүүлөрү натыйжасыз аракет»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түрк куралдуу күчтөрүнөн Атуу эркин  - 2020 иш чарасы» деген маалыматында Анкарада Полатлыда түрк куралдуу күчтөрүнүн ок атуу күчү көрсөтүлгөн «Атуу эркин  - 2020» иш чарасында буталар толугу менен жардырылдганын билдирген. «Атуу эркин  - 2020» иш чарасында араларында улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган «Фыртына» пушкалары, «Коркут» абадан коргонуу системалары, улуттук жөө аскер мылтыгы да болгон согуштук унаа жана курал  - жарактар менен буталар толук атылды.

«Йени шафак» гезити «Миниатюралык бомба тести ийгилитүү өттү» деген макаласында улуттук коргоо министрлиги 401- катуу жер үстүнө кирүү сыноо флотунун командарлигинин миниатюралык бомба долбоору боюнча сыноосунан ийгиликтүү өткөндүгүн жарыялады.

«Хабер түрк» гезити «ТИКАдан фронттогу азербайжандык жарандарга тамак  - аш жардамы» деген кабарында Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКАнын фронтко жакын аймактарда жашаган жана Армениянын кол салууларынан таасирленген азербайжандык жарандарга 40 тонна тамак  - аш жардам жибергенин белгилеген.

 



Тектеш кабарлар