Түрк басма сөзү 2.09.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1483345
Түрк басма сөзү 2.09.2020

«Йени шафак» гезити «Эрдоган Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу маанилүү маалымат берди» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Бештепеде өткөрүлгөн 2020 – 2021  Сот жылынын ачылуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө : «Тарыхта дайыма бирөөлөрдүн артына жашынып жашап келген бир мамлекетти алдыбызга салып, өзүнүн жашыруун ойлорун ишке ашырууга аракет кылгандардын  жасагандары да эң чоң адилетсиздик. Биз эми бул көлөкө оюндарын таштадык. Өзүнө пайдасы болбогон бир мамлекетти Түркия сыяктуу аймактык жана глобалдык бир күчтүн алдына салып, жем кылуу эми күлкүлүү абалга келе  баштады»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түркиядан Мейс аралы тууралуу : жоготкон Греция болот» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун : «Чыгыш Жер Ортолук деңизде баары менен столго отуруп, сүйлөшүп, баары үчүн адилеттүү чечүүчү жолдун табылышын каалайбыз. Чегин ашкан куралдандыруулар боло турган болсо жоготкон Греция болот»,- дегенин белгилеген.

«Ватан» гезити «Президенттиктин катчысы Калындан Австрияга жооп» деген маалыматында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын твиттерден берген маалыматында Австриянын интеграция министри Сюзанн Раабдын Түркиянын Австриядагы түрк тектүүлөрдү таасири астына алып бул өлкөнү бөлүп  - жарууну каалайт деген сөздөрүнө жооп катары : «Бир гана Австрияныбы? Кандай гана уят...»,- деп жооп бергенин кабарлаган.

«Хүррийет» гезити «Немис саясатчыдан түрк туризмине мактоо» деген кабарында Германиянын мурунку премьер  - министрлеринен Гельмут Колдун кеңешчилигин аткарган, Христиан демократ партиясынын мүчөсү, журналист Фридхельм Ост Түркиядан алган таасирлерин жана туризм тармагындагы коронавируска карата көрүлгөн чараларды мактоо менен сөз кылганын билдирген. Ост : «Германиянын түндүк жана Балтика деңизинин жээктериндеги эс алуу жерлери жана Маллорка менен салыштырылганда Түркияда көрүлгөн чаралар дүйнөгө үлгү болууда»,- деген.  

«Сабах» гезити «Анталияга бир айда 11 000  каттам жасалды» деген жазуусунда FRAPORT TAV Анталия аэропортуна коронавирус процессинде акыркы бир айда  11 000 каттам жасалганын,  бул процессте 31 өлкөдөн 1 миллион 750 миң жүргүнчүнү тейленгенин белгилеген.

 

 



Тектеш кабарлар