Түрк басма сөзү  01.09.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1482723
Түрк басма сөзү  01.09.2020

«Сабах» гезити «Эрдоган : Жер Ортолук деңизден да Кара деңиздегидей жакшы кабар күтүп жатабыз» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын Жер Ортолук деңизден да Кара деңиздеги сыяктуу жакшы кабар күтүп  жатышкандарын айтканын жазган. «Биз эч кимге акыбызды жедирбейбиз жана жебейбиз»,- деген Эрдоган  : «Жер Ортолук деңиз жана Эгейде каракчылык менен бандитизмге уруксат бербейбиз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Өмер Челик Мейс аралы тууралуу Грецияга каршылык көрсөттү» деген маалыматында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин Грециянын Мейс аралын куралдандыруусуна каршылык көрсөтүп : «Грециянын Мейс аралын куралдандыруу кыймылы жаңы бир каракчылыктын үлгүсү»,- дегенин белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Фахреттин Алтун : «Папа Францисктин Чыгыш Жер Ортолук деңиз билдирүүлөрүн кубаттайм» деген маалыматында коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун кечээ твиттерден берген маалыматында Папа Францисктин Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу билдирүүлөрүн ыраазычылык менен кабыл алганын белгиледи. Алтун : «Түркия катары Греция башта болгон тийиштүү өлкөлөргө Эгей аралдарын куралдандыруу жана Көгүлтүр Мекенибизди талап кылуунун ордуна  эл аралык мыйзамга баш ийүүгө чакырабыз. Жер Ортолук деңиз тынчтык жана ырааттуулуктун деңизи болушу керек»,- деген.

«Ватан» гезити «Министр Албайрактан билдирүү» деген макаласында казына жана финансы министри Берат Албайрактын ички дүң өнүм катнашынын дүйнө өлкөлөрүнө салыштырганда мыкты жыйынтык бергендигин белгилеп : «Түркия экономикасынын негиздери бекем, динамикалары күчтүү»,- дегенин билдирген.

«Стар» гезити «Түркия Республикасынын Борбордук Банкы менен Ливиянын Борбордук Банкынын ортосунда келишимге кол коюлду» деген кабарында Түркия Республикасынын Борбордук Банкы менен Ливия Борбордук Банкынын ортосунда борбордук банктык темалардагы кызматташуунун өнүктүрүлүшүнө негиз түзүү үчүн келишимге кол коюлганын жазган.



Тектеш кабарлар