Түрк басма сөзү 31.08.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1482034
Түрк басма сөзү 31.08.2020

«Хүррийет» гезити  «Президент Эрдоган : Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңизде шантаж тилине моюн сунбайбыз» деген макаласында кечээ  30 -  Август жеңиш  майрамынын 98 -  жылдыгына карата борбор шаар Анкарада Түркия республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн түбөлүк жаткан жери Аныткабирде салтанат өткөрүлгөнүн жазган.  Аныткабирдин атайын дептерине кол жазмасын калтырган Президент Р. Т. Эрдоган : «Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңизде коркутуу, баш тарттыруу жана шантаж тилине моюн сунбайт. Эл аралык мыйзамдан жана эки тараптуу келишимдерден келип чыккан укугун коргоону улантат»,- деди.

«Сабах» гезити «Министр Акардан чечкиндүүлүк билдирүүсү» деген макаласында Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын : «Каарман түрк куралдуу күчтөрү кечээ болгондой эле бүгүн да мекенибизди, улутубузду, улуттук жана руханий баалуулуктарыбызды, эл аралык мыйзам, карым  - катнаш жана кызыкчылыктарыбызды ар дайым коргойт. Муну аткарууда чечкиндүү жана жөндөмдүү»,- дегенин билдирген.

«Ватан» гезити  «Президент Эрдоган сүйүнчүлөдү! Сынай баштайбыз» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдогандын Рокетсан спутник учуруу, Космостук системалар жана алдыңкы технологиялар изилдөө борбору менен Жарылуучу чийки заттарды чыгаруу комплексинин ачылуу аземинде сөз сүйлөгөнүн кабарлаган. Эрдоган түз эфирде : «Улут катары өнүктүрүлгөн суюк күйүүчү май менен иштеген ракета мотор технологиясынын биринчи космостук сыноосун баштай тургандыгыбызды сүйүнчүлөгүм келет»,- деди.

«Стар» гезити «АТМАЖА үчүн күн белгилүү болду» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын : «Дүйнөдө жергиликтүү өндүрүш кыла алган 5 өлкөнүн бирибиз»,- деп жарыялаган Түркиянын алгачкы деңиз ракетасы АТМАЖАнын жылдын акырында Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарына кирерин белгилеген.

«Хабер түрк» гезити «Айханжан Гүвен Бельгияда биринчиликти алды» деген макаласында Түркиянын ийгиликтүү Red Bull  спортчусу Айханжан Гүвен Porsche Mobil 1 Supercup 2020 жарышында биринчиликти алганын маалымдаган. Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу Porsche Supercupтын Бельгияда өткөн жарышында биринчиликти алган улуттук спортчу Айханжан Гүвенди куттуктады.  



Тектеш кабарлар