Түрк басма сөзү  28.08.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1480669
Түрк басма сөзү  28.08.2020

«Хүррийет» гезити «Түркия Улуттук Парламентинин спикери Шентоптон Ливия тууралуу билдирүү» деген кабарында кечээ Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоптун Ливия Жогорку Кеңешинин төрагасы Халид ел – Мишри менен жолугушканын жазган. Шентоп жолугушууда : «Ливияда эл аралык мыйзамга жана БУУнун чечимдерине тескери болгон жана иш алып барган түрдүү мамлекеттердин, коңшу Египет, Бириккен Арап Эимраттары, Франциянын мыйзамга, Ливиядагы мыйзамдуу өкмөткө жана чечимдерине урмат  - сый көрсөтүүсүн күтүп жатканыбызды айткым келет»,- деди.

«Хабер» түрк гезити «Хулуси Акардан кабар» деген макаласында Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Греция менен болгон Чыгыш Жер Ортолук деңиз кризиси тууралуу : «Биз сүйлөшүүнү жактайбыз, бардык нерсе ачык, биз тынчтык, бейкуттук, укугубузду, акыбызды каалайбыз. Алдыбыздагы күндөрдө грек кесиптештерибизди тосуп алуудан кубанычта болобуз. Келишсин, сүйлөшөбүз»,- дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Министр Варанк стратегиялык кызматташууну жарыялады : коргонуу концепттерин өзгөртөт» деген маалыматында Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын Украинанын вице  - премьер  - министри жана Стратегиялык өнөр жайлар боюнча жооптуу министри Олег Уруский менен кечээ жолугушканын белгилеген. Министр Варанк : «Бүткүл дүйнө суктануу менен көргөн куралдуу учкучсуз аба аппараттарыбызды азыркы учурда биз Украинага берип жатабыз жана бул жаңы мезгилде чоң өнүгүүлөргө эшик ача турган маанилүү коргонуу концепттерин өзгөртөт»,- деди.

«Ватан» гезити «Оруч Реис үчүн жаңы NAVTEX» деген кабарында Оруч Реис үчүн жаңы NAVTEX (деңизчилер үчүн жарыя) жарыянын жарыяланганын жазган. Берилген жарыя менен Оруч Реистин иш алып баруу мөөнөтү 1 -  сентябрга чейин узартылды.

«Стар» гезити «Чоң круиздик кемелери багытын Түркияга бурду» деген маалыматында Түркияда круиз туризминде кыймылдуулуктун башталганын жазган. Global инвестиция холдингдин башкаруу кеңешинин төрагасы Мехмет Кутман «Круиздик фирмалардын 2021 -  жыл үчүн күчтүү резервацияларды билдирүүнү улантышы күч берет. Чоң круиздик кемелер багытын Түркияга бурду»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар