Түрк басма сөзү 27.08.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1479891
Түрк басма сөзү  27.08.2020

«Хүрриет» гезити «Президент Эрдогандын катуу сөздөрү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Муш шаарында Малазгирт жеңишинин 949 жылдыгына арналган майрамдык программада сөз сүйлөгөнүн баяндаган.  «Коркуу ажалга алып келбейт. Түркия Жер Ортолук деңизде, Эгейде, Кара деңизге ээ болгонун алат»,-деп айткан  Эрдоган: «Биз саясат, экономика жана аскердик жаатында бардык нерсени жасоого чечкиндүүбүз. Биздин маңдайыбыздагыларды өзүн тазалап, аларды буза турган каталардан алыс болууга чакырабыз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «3 күндүн ичинде Анталияга 100 миң турист келди» деген кабарында  туризмди жандандырган Анталияга 3 күндүн ичинде 510 учак менен 100 миң жүргүнчү келгенин маалымдаган.  Анталия аэропортунун башкы директору Дениз Варол: «Бул өтө маанилүү көрсөткүч. Анталияга жыл башынан бери 1 миллион 300 миң жүргүнчү эл аралык каттамдарда келгенин көрдүк. Бул көрсөткүчтүн дээрлик жарымы август айында гана ишке ашты»,- деди.

«Ватан» гезити «Россиядан Түркияга; «биргелешкен тик учак өндүрүшүнө ачыкпыз» деген билдирүү» аттуу маалыматында Орусиянын Тик учактар башкармалыгынын башкы директору Андрей Богинский, Түркия менен биргеликте тик учактын технологиясы жана өндүрүшүн ачууга даяр экендигин билдирди. Богинский мындай деди: «Маселе базардагы кырдаал жана өндүрүлө турган продукциянын келечеги жөнүндө. Бул жаатта кызматташууну талкуулоого даярбыз»,- деди.

«Стар» гезити «IMF түрк экономистине жогорку орунду берди» аттуу кабарында Түркиянын экономисти Жейла Пазарбашыоглу Эл аралык Валюта Корунун (IMF) Стратегия, саясат жана сереп бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганын маалымдаган.  IMFтен жасалган билдирүүдө Пазарбашыоглунун жаңы кызмат ордуна 15-сентябрда кирише турганы кабарланган.

«Сабах» гезити «Күллүобада  5000 жылдык боёк палитрасы табылды» деген кабарында Эскишехирдин Сейитгази районунда 1996-жылдан бери уланып келе жаткан Күллүоба казуу ишинде таштан жасалган 5 миң жылдык боёк палитрасы табылган. Боёктор чөйчөктөрдү сырдоо үчүн колдонулган деп болжолдонууда.



Тектеш кабарлар