Түрк басма сөзү 26.08.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1479242
Түрк басма сөзү 26.08.2020

«Хабер түрк» гезити «"Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги машыгуусу» аттуу маалыматында  Улуттук Коргоо министрлиги (MSB) Чыгыш Жер Ортолук деңизинде машыгуу деңиз күчтөрүнүн 2 фрегаты жана италиялык чабуулчу кеме тарабынан жүргүзүлгөнүн жарыялаганын маалымдаган.  Министрликтин билдирүүсүндө, «TCG Göksu жана TCG Фатих фрегаттары жана италиялык чабуулчу ITS Дуранд де ла Пенне тарабынан 2020-жылдын 25-августунда Чыгыш Жер Ортолук деңизде кызматташтыкты жана координацияны жакшыртуу максатында өтүү машыгуулары өткөрүлдү»,делди.

«Хүрриет» гезиити «Министр Дөнмез: жарыяланган ачылышты жогору карай жаңылайбыз» аттуу кабарында энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Фатих Дөнмез жарыяланган болжолдуу Кара деңиздеги 320 миллиард кубметр запасты жаңыларын таап жогору карай жаңылай тургандарын айтканын баяндаган. Алгачкы ачылыштар ар дайым бир кудук менен жасалганын жана чалгындоо кудугу аркылуу запас жарыяланганын белгилеген Дөнмез:  «Биз аныктоочу кудуктарды ачабыз жана дагы так көрсөткүчтөрдү алабыз. Бул түшүмдүү талаа, ачылыштар муну көрсөтүп турат».

«Стар» гезити «Түркия жасаганды аз гана өлкөлөр жасай алат» деген кабарында Дубайда жайгашкан инвестициялык кеңеш берүүчү фирма Hormuz Straits шериктештигинин директору Серкан Шахиндин Кара деңиз аймагында табылган 320 миллиард куб метр жаратылыш газынын запасы Түркия үчүн башталгыч экенин айтканын жазган. Шахин, «Түркия мунай зат корпорациясы (TPAO), 2 миң метр тереңдиктеги бургулоону  бир айдын ичинде кыска мөөнөттө ишке ашыра алышы таң калууну жаратты. Дүйнөдө муну жасоого жөндөмдүү өлкөлөр өтө аз. Бул ийгилик, Түркиянын көмүр суутек чалгындоосун ылдамдатат»,-деп сереп салды.

«Сабах» гезити «Берат Албайрак; Эч ким Түркиянын билегин бүгө албайт» аттуу маалыматында  коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) эпидемиясынан кийин түрк экономикасы тездик менен калыбына келип жатканын жазган.  Өндүрүш өнөр жайынын потенциалын пайдалануу деңгээли август айында өткөн айга салыштырмалуу 2,6 баллга жогорулап, 73,3 пайызды түзгөн. Маалыматтарды баалоо менен, казына жана каржы министри Берат Албайрак: «Эч ким биздин билегибизди бүгө албайт»,- деди.

«Йени Шафак» гезити «Формула-1 жарыштары Стамбулга кайтып келди» деген кабарында Стамбул 2020 Формула-1 Дүйнөлүк чемпионатынын 14-турун өткөрө турганын маалымдаган. Эң акыркы жолу 2011-жылы F1 жарышы өткөн Стамбул Парк тилкеси коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) байланыштуу 2020-жылдын жаңыланган календарына киргизилген. 9 жылдык тыныгуудан кийин Формула-1 Түркияга кайтып келиши расмий жарыяланды! ФИАнын билдирүүсүнө ылайык, Формула-1 Стамбул Гран-При 13-15-ноябрь күндөрүндө өтөт.



Тектеш кабарлар