Түрк басма сөзү 25.08.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1478576
Түрк басма сөзү 25.08.2020

«Йени Шафак» гезити "Президент Эрдоган: Грециянын кылганы көпкөндүк» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Грециянын Navtex декларациясынын аймактын бардык кемелеринин деңиз жээгине жана круиздик коопсуздугуна коркунуч келтирген көпкөндүк экендигин айтканын баяндаган. Эрдоган: «Мындан ары Греция бул чөлкөмдө болуп жаткан ар кандай негативдүүлүктүн бирден-бир себеби болот жана бир гана зыян ушул өлкөнүн өзүнө болот»,- деди.

«Сабах» гезити  «Эрдоган; Жер Ортолук деңизинен жаратылыш газы боюнча жакшы кабар келет» аттуу макаласында президент Эрдогандын Кара деңизде 320 миллиард куб метр жаратылыш газы табылгандан кийин Жер Ортолук деңизинен дагы жакшы жаңылыктарды ала тургандыгына үмүттөнгөнүн айтканын кабарлаган. Эрдоган «Оруч Рейс» кемеси жана аны коштогон деңиз күчтөрү иш-аракеттеринен бир аз дагы артка чегинбейт деп билдирди.

«Ватан» гезити «Түркиядан Грецияга жооп кайтаруу! Согуш кемелери баратат» аттуу маалыматында Грециянын «Оруч Рейс» кемесинин иш-аракеттерин жүргүзгөн аянтта машыгуу өткөрө турганын  жарыялангандан кийин биринчи каршы чыгуунун Түркиядан болгонун маалымдаган. Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар, Афина бийлиги тарабынан кабыл алынган чечим чыңалууну күчөтөрүн баса белгиледи. Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги иш-аракеттеринде укуктуу болгонун айткан Акар: «Бизге берилген тапшырманы ушул убакка чейин мыкты аткардык, андан кийин дагы ошондой улантабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Кара деңизде жаратылыш газынын потенциалы чоң» деген кабарында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын Сакария аймагында Кара деңиздеги газ кендерин ачуу үчүн 320 миллиард куб метр жаратылыш газынын запастарын тапкандыгын кубаттап, бул башталгыч болуп саналат дегенин баяндаган. Калын: «Биздин техникалык адистерибиздин айтымында дагы чоң потенциал бар, чалгындоо жана бургулоо иштери бир эле учурда улантылат», - деди.

«Хабер түрк» гезити «Июль айында туризмдин чоң өсүшү» деген кабарында июль айында Түркияга келген туристтердин саны мурунку айга салыштырмалуу 4 эседен көп жогорулап, 214 миң 768 кишиден 932 миң 937 кишиге  чейин көбөйгөнүн маалымдаган. Июль айында Түркияга келген туристтердин эң көп кирген чек ара капкалары караштуу болгон облустар тизмелөөсүндө; Стамбул  32,36 пайыз (301 миң 930 адам), ал эми Анталия жана Эдирне алдыңкы үч облустун катарына кирди.



Тектеш кабарлар