Түрк басма сөзү 24.08.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1478000
Түрк басма сөзү 24.08.2020

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган; Коргонуу өнөр жайыбызда чечкиндүүлүк менен жолубузду улантабыз» аттуу маалыматында президент  Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын коргонуу өнөр жайы тармагында жолун чечкиндүү түрдө улантканын айтканын баяндаган.Эрдоган кечээ Стамбулга караштуу Тузла шаарындагы Десан кеме куруучу жайында Жаңы аскер-деңиз системаларын тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, коргонуу жаатында күчтүү жана көз карандысыз болбогон мамлекеттердин келечегине ишеним менен карашы мүмкүн эмес экендигин айтты.

«Стар» гезити «Министр Акар: Биз көгүлтүр мекенибиздеги укуктарыбызды жана кызыкчылыктарыбызды коргоого чечкиндүүбүз» аттуу кабарында Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Түркиянын жана улуттун коопсуздугуна коркунуч туудурган ар кандай түзүлүшкө, көгүлтүр мекендеги укуктарын жана кызыкчылыктарын ээлеп алууга аракет жасаган эч бир аракетке жол берилбей тургандыгы ар ким тарабынан билиниши керек дегенин баяндаган.

«Сабах» гезити  «Оруч Рейстин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 27-августка чейин узартылды» аттуу кабарында Жер Ортолук деңизинде изилдөө иштерин жүргүзгөн «Оруч Рейс» кемесинин миссиясы 27-августка чейин узартылганын жазган. Түркиянын сейсмикалык изилдөө кемеси  мурда жарыяланган Navtex мөөнөтү кечээ толду. Акыркы чечим менен, мөөнөт дагы 4 күнгө узартылды. «Оруч Рейс» кемеси сейсмикалык изилдөө иштерин Navtex жарыясында көрсөтүлгөн координаттарда улантат.

«Хүрриет» гезити «Булгаары тармагында 803 миллион доллардык экспорт» деген кабарында Стамбул Булгаары жана булгаары продукцияларынын экспортерлор бирлигинин (IDMIB) төрагасы Мустафа Шеножактын тери жана булгаары буюмдарынын экспорту 1-январдан 18-августка чейин 803 миллион доллар болгонун айтканын маалымдаган. Тармактын 200дөн ашуун өлкөгө экспорт жасаганын белгилеген Шеножак, Германия, Орусия, Италия, Ирак, Испания, Франция, Англия, Нидерланды, Румыния жана Америка Кошмо Штаттары эң көп сатылган он өлкөнүн катарына киргенин белгилеген.

«Ватан» гезити «Спутник жана космос тармагындагы эң чоң жолугушуу; Түркиянын космостук стратегиясы түшүндүрүлөт» аттуу маалыматында спутниктик жана космос тармагындагы мекемелер, уюмдар жана компаниялар 1-2-сентябрда санариптик түрдө өткөрүлө турган «5-глобалдык спутниктик жана космостук көргөзмө» иш-чарасында чогулаарын жазган.  Аталган иш-чарада космостук технологияларга лидерлик кылган өлкөлөрдүн стратегиялары, спутниктик өнүгүүлөр жана Түркиянын космостук технологиялар саясатында жүргүзгөн иштери каралат.



Тектеш кабарлар