Түрк басма сөзү 20.08.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1476077
Түрк басма сөзү 20.08.2020

«Сабах» гезити  «Эрдоган: Чыгыш Жер Ортолук деңизине киргизилген Севрлерге таазим кылбайбыз» аттуу кабарында Президент Режеп Таййип Эрдоган, кечээ борбор шаар Анкарадагы Башкент уюшулган өнөр жай аймагында жайгашкан «Калион Күн технологиялары ишканасынын ачылыш аземинде» сүйлөгөн сөзүндө, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги болуп жаткан окуяларга байланыштуу,  «Биз Севрди (Келишимди) бир кылым мурун эл катары кантип бузуп салган болсок, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде биздин өлкөгө киргизүүгө аракет кылынган Севрлерге таазим кылбайбыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Бүткүл дүйнөлүк гуманитардык жардам күнүнө карата вице-президент Фуат Октайдан бөлүшүү» аттуу маалыматында вице-президент Фуат Октай социалдык медиа аккаунтунда кечээ Дүйнөлүк гуманитардык жардам күнүнө карата «#Дүйнө Гуманитардык Күнү» деген жазуусу менен бөлүштү. Октай, гуманитардык жардам жагынан лидер өлкө болгон Түркиянын эзилген калктар үчүн үмүт болгонун белгиледи.

«Хүрриет» гезити «Чавушоглу Столтенберг менен сүйлөштү» деген кабарында кечээ тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Анда Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселеси талкууланды.

«Стар» гезити «Министр Дөнмез: Эч ким биздин карамагыбызга кирген аянттарга көз артпасын» аттуу кабарында энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмездин Түркиянын эч кимдин акысына жана мүлкүнө көз артпаганын билдирип, «Бирок эч ким дагы биздин  карамагыбыздагы аянттарга көз артпоосун суранам. Айрыкча Греция акыркы мезгилде аянтта боло албаганы үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) сыяктуу тышкы күчтөргө жазданып алып өзүн акылуу сыяктуу көрсөтүүгө аракет кылууда, бирок мен муну так жана даана айтып жатам, биз Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиздеги эл аралык мыйзамына ылайык акылуубуз»,дегенин баяндаган.

«Хабер Түрк» гезити «Байрактар AKINCI TİHA 20 миң фут бийиктикте сыноодон ийгиликтүү өттү» аттуу кабарында Байрактар тарабынан атамекендик жана улуттук шаймандар менен иштелип чыккан Bayraktar AKINCI TİHA (Чабуулчу учкучсуз учуучу унаа) экинчи прототиби экинчи учуу сынагын ийгиликтүү аяктаганын маалымдаган.  Байрактар ​​AKINCI TİHA сыноо учуу маалында орто эсеп менен 20 миң фут (болжол менен 6,1 км) бийиктикте 2 саат 26 мүнөт асманда болгон.



Тектеш кабарлар