Түрк басма сөзү 18.08.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1474796
Түрк басма сөзү 18.08.2020

 

«Сабах» гезити «Европада биринчилерден болуп 19-августта ачылат» деген маалыматында Түркиянын көз карандысыз энергетика саясатынын алкагында дагы бир ири энергетикалык инвестициянын ишке ашып жатканын билдирген. Алгачкы ата мекендик интегралдык күн панели ишканасы президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан 19-августта борбор шаар Анкарада ачылат. Жылдык панел өндүрүштүк кубаттуулугу 500 мегаватт боло турган ишкананын бардык өндүрүмүнүн өндүрүш баскычтары бир чатырдын астында болот.

«Йени Шафак» гезити «Фатих менен Явуздан кийин «Кануни» да Жер Ортолук деңизге чыгууга даярданып жатат» деген маалыматында Түркиянын бургулоо иштерин арттыруу үчүн «Фатих» жана «Явуз» кемелерине кошумча түрдө сатып алган «Кануни» аттуу бургулоочу кемесинин, Мерсиндеги НАТО портунда оңдоо, жаңыртуу жана иштеп чыгуу процесси башталганын жазган. 11 миң 400 метр тереңдикке жана 3 миң метр бургулоо жөндөмүнө ээ болгон «Кануни» кемеси, алтынчы муундагы ультра деңиз бургулоочу кеме катары да белгилүү.

«Ватан» гезити «Турак жай сатууда рекорддук өсүү» деген кабарында Түркияда июль айында турак жай сатуу өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 124,3 пайыз өсүп 229 миң 357 болгонун жана рекорддук деңгээлге жеткенин билдирген. Казына жана каржы министри Берат Албайрак Твиттердеги билдирүүсүндө 250 чакан секторду жандандырган курулуш тармагынын өсүүсүн улантып жаткандыгын белгилеп: «Турак жай соодасы июлда эң жогорку көрсөткүчтөр менен тарыхый рекорд койду»,-деди.

«Хүрриет» гезити «7 түрк фирмасы коргонуу гиганттарынын катарына кирди» аттуу кабарында Түркиянын коргонуу өнөр жайы компаниялары акыркы мезгилдеги сатуулары менен рекордго жетишип, бул экономикалык ийгиликтер компанияларды эл аралык деңгээлде салыштырылган тизменин башына алып келгенин билдирген. АКШнын аскердик «Defence News» журналы тарабынан жыл сайын жарыяланган жана дүйнөдөгү эң престиждүү коргонуу өнөр жайынын тизмеси деп эсептелген "Defence News Топ 100дө" быйыл түрк компанияларынын саны 5тен 7ге көбөйдү.

«Хабер түрк» гезити «Эмбер Херд Аясофиянын фотосүрөтүн бөлүштү» деген маалыматында жакында Стамбулга келген америкалык белгилүү актриса Эмбер Херддин шаарга саякатын улантып жатканын жазган. Эмбер Херд бул ирет Капалычаршы, Аясофия мечити жана Сүлеймание мечитин кыдырды. Стамбулдагы саякатынын көрүнүштөрүн социалдык медиага жарыялап: «Мен шаарды сүйүп калдым» деген Херд, Аясофиянын фотосүрөтүн да өзүнүн баракчасынан болжол менен 4 миллион адамга бөлүштү.



Тектеш кабарлар