Түрк басма сөзү 17.08.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1474050
Түрк басма сөзү 17.08.2020

«Ватан» гезити: «Түркия Жо Байденге катуу каршылык көрсөттү: сабатсыздык, текебердик, эки жүздүүлүк» деген макаласында АКШнын Демократ партиясынын президенттикке талапкери Жо Байдендин 16-январда «New York Times» гезитинин редактору менен өткөргөн жана интернетке жаңы жарыяланган маектешүүсүндө Түркия жөнүндө айткан сөздөрүнүн талаш туудурганын билдирген. Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын анын чуулгандуу сөздөрүнө каршылык көрсөтүп: «Байдендин Түркияга байланыштуу билдирүүсү сабатсыздык, текебердик жана эки жүздүүлүккө негизделген»,-деди.

«Стар» гезити: «Түркия жаңы NAVTEX жарыялады» аттуу маалыматында көптөн бери Чыгыш Жер Ортолук деңизде изилдөөлөрдү жүргүзгөн «Явуз» бургулоочу кемеси үчүн Түркиянын жаңы NAVTEX жарыялаганын маалымдаган. Бул NAVTEX жарыясы «Явуздун» учурда иштеп жаткан аянттагы иштөө мөөнөтүн 15-сентябрга чейин узартат. «Явуз» бургулоочу кемесинин Кипр жээктеринде көмүр суутек иөздөө иштерин уланта тургандыгы кабарланды.  

«Хүррийет» гезити: «Жер Ортолук деңиздеги коргонуу калканы» аттуу кабарында Франция менен Кипрдин Рум жетекчилигинин ортосундагы «Коргонуу чөйрөсүндө кызматташуу келишимине» Түркиянын катуу каршылык көрсөткөнүн жазган. «Оруч Рейс» кемесин кысымга алууга аракет кылган грек фрегаты «Лимносту» кууп чыккан Түрк деңиз күчтөрүнүн «Кемалрейс» фрегаты да бул ирет Кипрдин чыгышындагы «Барбарос Хайреттин Паша» изилдөө кемесин коштой баштады.

«Йени шафак» гезити: «Макрон Европада да жалгыз калды» деген макаласында Чыгыш Жер Ортолук деңизде Грецияга колдоо көрсөтүп Европаны Түркияга каршы биригүүгө мажбурлаган Франциянын өнөктөштөрүнөн каалаганын ала албаганын билдирген. Бул боюнча Франция дагы, Греция дагы Европа Биримдигинен колдоо тапкан жок.

«Сабах» гезити: «Түркия, өнөр жай өндүрүшүндө Европада биринчи орунда турат» деген маалыматында соода министри Рухсар Пекжанын жетекчилиги астында өткөрүлгөн Консультативдик кеңештин 16-отурумунун видеоконференция ыкмасында өткөрүлгөнүн билдирген. Министр Пекжан: «Биз өнөр жай өндүрүшүнүн индексинде 17,6 пайыздык өсүү менен Европада 1-орунда турабыз. Биринчи чейректе дагы G-20 өлкөлөрүнүн арасында 4 жарым пайыздык өсүү менен биринчи орунду ээлегенбиз»,-деди.

«Хабер Түрк» гезити: «Эмбер Херд Стамбулга суктанды» деген кабарында белгилүү америкалык актриса Эмбер Херд эс алуусун Түркияда өткөрүүнү тандаганын жазган. Өткөн жуманы Бодрумда өткөргөн оюнчу Стамбулга багыт алды. Тарыхый жарым аралга барган Херд, мечитти да зыярат кылды. «Мен бул укмуштуудай шаарды сүйүп калдым»,- деп айткан атактуу актриса, өзүнүн социалдык медиа баракчасынан сапарынын чоо-жайын бөлүштү.



Тектеш кабарлар