Түрк басма сөзү 15.06.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1435995
Түрк басма сөзү 15.06.2020

«Сабах» гезити «Эрдогандан тарыхый ачылыш» аттуу кабарында дүйнөдө рейтинг боюнча жогорку орунда турган Стамбул аэропортундагы үчүнчү көз карандысыз учуу тилкеси, мамлекеттик конок үйү жана мечит, президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан салтанаттуу азем менен ачылды. Эрдоган бул жердеги сөз сүйлөөсүндө: «Биз мындан ары да кызмат көрсөтүүнү, долбоорлорду ишке ашырууну улантабыз. Аэропортубуз кыска убакыттын ичинде 65 миллион жүргүнчүнү кабыл алды. Биз чекти дагы жогору көтөрөбүз»,-деди.

«Хүрриет» гезити «Түркияны дүйнөлүк пайызсыз каржы борборуна айландырабыз» деген кабарында казына жана каржы министри Берат Албайрак кечээ видеоконференцияда: «12- Эл аралык Ислам экономикасы жана каржы конференциясы "темасында сүйлөгөн сөзүндө максаттарынын Түркияны дүйнөлүк пайызсыз финансы борборуна айлантуу болгонун айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «АКШнын Стамбулдагы Башкы консулдугунун алдында Жорж Флойд акциясы» аттуу маалыматында АКШнын Миннесота штатында афро-америкалык Жорж Флойддун полициянын зомбулугунун себебинен каза болушу, АКШнын Стамбулдагы Башкы консулдугунун алдында нааразычылык акциялары менен айыпталганы маалымдалды. Колдорунда Флойддун фото сүрөттөрү орун алган плакаттарда Сарыйердеги Башкы консулдук орун алган көчөгө коопсуздук чара көрүүлөрүнүн астында чогулган топ бир топко ураан чакырды жана таркады.

«Ватан» гезити «Россиянын тышкы иштер жана коргоо министрлеринин Түркия сапары кийинкиге жылдырылды» аттуу маалыматында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгунун аскердик делегация менен бирге Түркияга жасай турган сапары кийинкиге жылдырылганы маалымдалды. Жолугушуулар алдыбыздагы бир күндө ишке ашат.

«Стар» гезити «Түркия НАТОнун Өнөр жайчылар кеңешүү тобунун кезектеги төрагасы болду» аттуу кабарында Түркия, НАТОнун күнүмдүк технологиялык муктаждыктарынын белгиленишин камсыздаган астыңкы жумушчу топтору орун алган НАТОнун Өнөр жайчылар кеңешүү тобунда (NIAG),  жумушчу тобунун кезектеги төрагалык милдетин алганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар