Түрк басма сөзү-5.03.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1372595
Түрк басма сөзү-5.03.2020

«Хүррийет» гезити: «Президент Эрдоган Грецияны эскертти, Европа Биримдигинин эки жүздүүлүгүн бул сөздөр менен түшүндүрдү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган партиясынын фракциялык жыйынында Грецияны жана Европа Биримдигин катуу сөздөр менен сынга алганын жазган. Эрдоган: «Качкындар агымында Европа Биримдиги Грецияга 350+350 миллион евродон турган акчалай жардам, анын жанында курал, аскер жөнөтүүгө даярбыз деп жатат. Анда эмне 10 жылдан бери 4 миллион качкынды өз жерлеринде багып жаткан Түркияга ушундай колдоо көрсөткөн жоксуңар? Анткени эки жүздүү мамиле кылып жатышат. Адилетүү мамиле кылгыла»,-деди.

«Сабах» гезити «Чавушоглу Европа Биримдигинин өкүлүнө; Жоопкерчилик алуунун убагы эбак эле келген» дегенин жазган. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Жозеп Боррелге Евробиримдиктин качкындарга байланыштуу жоопкерчилик алуу убагынын эбак эле келгендигин айтты. Чавушоглу айрыкча Европа Биримдигинин өлкөбүзгө берген качкындар тууралуу убадаларын орундатпаганын, бул оор жүктү эми жалгыз өзүбүздүн көтөрө албай турганыбызды, Европа Биримдигинин жоопкерчилик алуусунун убагы келгендигин белгилегенин айтты.

«Стар» гезити «Немис журналынын жазуучусу; Жалгыз жол президент Эрдоганга колдоо көрсөтүү» аттуу маалыматында Геманиянын «Der Spiegel» журналынын жазуучусу Максимилиан Попптун «Качкындардын тарткан азаптарын жеңилдетүүнүн жалгыз жолу; ЕБнин Идлибде Эрдоганга колдоо көрсөтүшү керек»,дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Сирия чек арасындагы дөбөгө, паркет ташынан чоң желек жасалды» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан башталган «Жаз калканы» операциясына колдоо көрсөткүсү келген Хатайдын Рейханлы районунун Сирия чек арасындагы элет жериндеги Жүдейде мааласынын тургундары ошондой эле аталыштагы чоң дөбөгө 6 миң паркет ташынан чоң Түрк желегин жасаганын маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Мунай затка альтернатива Түркиядан келди» аттуу маалыматында Гебзе техникалык университетинин инженердик факультетинин энергия системалары кафедрасынын окутуучусу доц.Эржан Өздемирдин Кореянын өнүккөн технология жана илимий инстутунун изилдөө кызматташтыгы менен парник газдарын синтетикалык суюктукка айландыра турган катализатор иштелип чыкканын маалымдаган.



Тектеш кабарлар