Түрк басма сөзү-04.03.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1371979
Түрк басма сөзү-04.03.2020

«Стар» гезити «Министр Чавушоглу; Эч кимди мажбурлап Түркияда кармабайбыз» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун качкындар тууралуу берген маалыматында, «ЕБнин мекемелери Европанын жана адамзаттын орток баалуулуктарына урмат-сый көрсөтүшү керек. Жаңы көч толкунун көтөрө албай турганыбызды көп жолу айттык. Эми эч кимди мажбурлап Түркияда кармап турбайбыз»,-дегенин баяндаган.

«Сабах» гезити «Алгачкы жаңылык ишке ашты жана буталарды дрондордун үйүрү менен аттык» аттуу маалыматында Түркия, дүйнөдө алгач ирет үйүр түрүндө учкан учкучсуз учуучу куралдуу аппараттарды (дрондорду) аянтта колдонгонун маалымдаган. Түрк куралдуу күчтөрүнүн Идлибде жүргүзгөн «жаз калканы» операциясында буталар үйүр түрүндө учкан дрондор менен атылды. Анкара жана Хатайдагы башкаруу буйрук берүү борборлорунан башкарылган «Байрактар TB2» учкучсуз учуучу куралдуу аппараттар, флот түрүндө учуп, режим күчтөрүн, оор куралдарын жана ок дары кампаларын жок кылды.

«Ватан» гезити «Дүйнөнүн эң күчтүү аба күчтөрү жарыяланды» аттуу маалыматында дүйнөнүн эң күчтүү аба күчтөрү белгилүү болгонун жарыялаган. Борбору АКШдагы көз карандысыз Global Firepower 2020 отчетуна караганда Түрк куралдуу күчтөрү алдыңкы 10 өлкөнүн катарында орун алды. Түркия 9-орунда болгон тизменин эң башында болсо АКШ бар.

«Йени шафак» гезити «Дүйнөдөн алчубуз эми дүйнөгө сатуудабыз» аттуу маалыматында талаа чарбасынан өнөр жайга чейин өндүрүштөгү бир топ тармакта колдонулган вермикулит кени абдан көп өзгөчлүктөргө эгедер экенин баяндаган. Ысытылганда 10 эсе чоңойгон кен, Түркияда алгач ирет Сиваста чыгарылды. Мурда чет өлкөдөн сатылып алынган кен эми иштетилип дүйнөгө сатылууда.

«Хүррийет» гезити «Чет элдиктер 5 кг чийки алтынды алып кире алат» аттуу маалыматында Түркия Републикасы Мамлекети менен атуулдук байланышы болбогон жана өлкөгө кирүү күнүндө 18 жашка толгон жүргүнчүлөрдүн өзү менен кошо бир жылдын ичинде 5 кг стандартка ылайыктуу алтын киргизе ала турганын белгилеген.



Тектеш кабарлар