Түрк басма сөзү  28.02.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1368353
Түрк басма сөзү  28.02.2020

«Стар» гезити «Өмер Челик : Асад режими бул чыккынчылыгынын эсебин оор төлөйт» деген кабарында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин : «Канкор режим жана ага күч бергендер бул чыккынчылыктын эсбин оор түрдө төлөйт»,- дегенин жазган. Түркиянын бул кол салууга ылайыктуу жоопту берерин баса белгилеген Челик : «Түркия Сирияда жүргүзгөн күрөшүн эл аралык мыйзамдан келип чыккан укугун колдонуу менен максатына жеткенге чейин улантууда чечкиндүү»,- деди.

«Сабах» гезити «Асад режимине таандык бардык буталар абадан жана курактыктан атылууда» деген маалыматында Сириянын Идлиб аймагында Асад режиминин абадан кол салуусунда шейит болгон 33 аскердин каны жерде калбай тургандыгын  жазган.  Режимге жана колдоочуларына жооп кайтарылып, режим күчтөрү абадан жана кургактыктан бомбаланууда. Идлибде акыркы 17 күндө 1709 режим аскери жок кылынды.

«Хабер түрк» гезити «Улуттук коргоо министри Акар чек арада» деген макаласында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын аба жана кургактык күчтөрүнүн  командирлери менен Идлибдеги операциялар башкарылган Хатайдагы тактика командирлигине баргандыгын жазган. Акар командирлер менен бирдикте Сирия чек  арасында Идлибдеги режим буталарына карата абадан жана кургактыктан колдоо көрсөтүлгөн  операцияны  башкарууда.

«Йени шафак» гезити  «Стамбулга келген турист саны 10 пайызга өстү» деген маалыматында өткөн айда Стамбулга көптөгөн туристтин келгендигин жазган. 2020 – жылдын январь айында  шаарга  келген чет элдик турист саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 10 пайызга өсүп, 1 миллион 17 миң кишиге жетти. Бир тараптан англис Daily Express гезити Түркиянын Ковид  - 19 коркунучу болбогон, ишенимдүү эс алуу жери катары тандала аларын жазган.



Тектеш кабарлар