Түрк басма сөзү 12.09.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1267982
Түрк басма сөзү 12.09.2019

«Хабер түрк» гезити «Түркия Нетаньяхунун аннекциялоо убадасына каршылык көрсөттү» деген маалыматында Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун Иордан өрөөнүн кошуп алууга карата сөздөрүнө катуу каршылык көрсөткөнүн жазган. Билдирүүдө: «Нетаньяхунун 17-сентябардагы шайлоону жеңген учурунда Батыш-Шериадагы Иордан өрөөнү менен мыйзамсыз отурукташуу жерлерин кошуп алуу жөнүндөгү сөздөрү Израилдин ондогон жылдар бою уланып келе жаткан басып алуусунун жана мыйзамсыз иштеринин жаңы көрүнүшү болуп саналат. Бул мыйзамсыз аракеттери эч качан кабыл алынбайт»,-делди.

«Хүррийет» гезити «Түркия менен Нидерландиянын ортосунда макулдашуу меморандумуна кол коюлду» аттуу кабарында соода министри Рухсар Пекжан, Түркия-Нидерландия биргелешкен экономикалык жана соода комитетинин алкагында Нидерландия менен кеңири чөйрөдө кызматташуу келишимине кол койгондорун билдиргенин жазган.

«Йени шафак» гезити «Брексит Түркия үчүн мүмкүнчүлүктөрдү алып келет» деген маалыматында Президенттиктин инвестиция бөлүмүнүн башчысы Арда Эрмут, Түркия менен Англиянын күчтүү экономикалык карым-катнаштарга эгедер экенин белгилеп: «Брекситтен кийин карым-катнаштарыбыздын күчтөнүп уланаарына ишенемин. Түркия акыркы чечимине ылайык, мындан ары да соода-экономикалык мамилелерди бекемдөөчү пландын алкагында иштеп жатат»,-дегенин жазган.

«Ватан» гезити: «Малайзияда түрк коргонуу өнөр жайы таанытылды» деген кабарында Малайзияда уюштурулган «Түрк учкучсуз учуучу аппараттар жана авиация өнөр жайы: технология жана мүмкүнчүлүктөр» темалуу иш-чарада Түркияда чыгарылган учкучсуз учуучу аппараттар жана куралдуу учкучсуз учуучу учактар таанылганын билдирген. Иш-чарада өзгөчө Түркияда учурда колдонулуп жаткан жаңы муундагы аба транспорттору жана технологиялар менен катар Малайзия менен биргеликте ишке ашырыла турчу долбоорлор каралды.

«Сабах» гезити «Европа Түркиядан кийинүүдө» аттуу кабарында Түркия январь-июнь мезгилинде 162 өлкөгө 3 миллиард 304 миллион 418 миң долларлык токулбаган кийим-кече жана ага тиешелүү буюмдарды экспорттогонун билдирген. Сатууларда Европа өлкөлөрү биринчи орунда турат. Эң көп токулбаган кийим-кече жана ага тиешелүү буюмдар экспорттолгон өлкө 645 миллион 906 миң доллар менен Испания болду. Испаниядан кийин 427 миллион 754 миң долларлык экспорт менен Германия, 293 миллион 237 миң доллар менен Англия, 205 миллион 649 миң доллар менен Нидерландия жана 137 миллион 391 миң доларлык экспорт менен Франция турат.

 



Тектеш кабарлар