Түрк басма сөзү-11.09.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1267646
Түрк басма сөзү-11.09.2019

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган; Трамп менен эркин соода келишимин күн тартипке алдык» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркия менен АКШнын ортосунда 20 миллиард доллар деңгээлинде болгон соода көлөмүнүн чыныгы потенциалдын астында болгонун айтканын баяндаган. Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүсүндө мунун 100 миллиард долларга жеткирлиши темасында макулдашкандарын баса белгиледи.

«Ватан» гезити «Эрдоган; өлкөбүздүн Сириядан келе турган жаңы көч толкунун көтөрүүсү эми мүмкүн эмес» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШнын жикчил террор уюму ПКК/ЙПГга көрсөткөн колдоосуна дагы бир жолу карышылк көрсөткөнүн маалымдаган. Террордук уюм ДЕАШтын жеңилүүгө учуратылганын баса белгилеген Эрдоган: «Сириялык баш калкалоочулардын артка кайтуусуна эң чоң тоскоолдук ПКК/ЙПГ сыяктуу террордук уюмдардан болуп жатат. Өлкөбүздүн Сириядан келе турган жаңы көч толкунун эми көтөрүүсү мүмкүн эмес»,-деди.

«Стар» гезити «Черногориянын тышкы иштер министри Дарманович; Түркия биз үчүн абдан маанилүү» аттуу маалыматында Черногориянын тышкы итер минстри Срджан Дармановичтин Черногорияда инвестиция көлөмү тизмелөөсүндө түрк ишкерлеринин алтынчы орунда турганын айтканын баяндаган. Түркиянын Черногория үчүн абдан манаилүү чет элдик инвесторлор катарында орун алганын жана түрк ишкерлеринин Черногорияда абдан жактырылганын баса белгилеген Дарманович, Черногорияга дагы көп түрк инвестордун келишин күткөндөрүн кеп кылды.

«Йени шафак» гезити «Акынжы учкучсуз учуучу аппарат учууга даяр» аттуу маалыматында жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен өнүктүрүлгөн чабуул коюучу учкучсуз учуучу аппарат Акынжынын моторлору алгач ирет иштетилгенин жазган. Бардык сыноолордон ийгиликтүү өткөн Акынжы, согуштук учактардын жүгүн азайтат. Акынжы; абадан чабуул, абадан ракета жана Ф-16 согуштук учактары ташыган 1 тонналык бомбаларды да оңой эле ташыйт. Канаты 20 метр ачылган Акынжынын 4,5 тонна салмагында учуу салмагы бар. Акынжы учкучсуз учуучу аппараты бул аптада жол тилкесине чыгарылат.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба жолдорунан Түштүк Европада арзандатуу жөрөлгөсү» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорунун Түштүк Европага саякат кыла турган жүргүнчүлөрүнө атайын арзандатылган билет жөрөлгөсүн уюштурганын маалымдаган. Бул жөрөлгө Стамбул жана Анкарадан Италия, Испания, Франция, Мальта, Португалия жана Грециядагы 25 жерге арзан баада саякат кылуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Арзандатуудан пайдалангысы келген жүргүнчүлөр, 10-20-сентябрь аралыгында сатып ала турган билеттер менен 2019-жылдын 1-ноябрынан 2020-жылдын 31-мартына чейин бардыгын ичине камтыган 119 доллардан башталган баалар менен уча алат.



Тектеш кабарлар