Түрк басма сөзү 10.09.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1266684
Түрк басма сөзү 10.09.2019

«Сабах» гезити «Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу так билдирүүсү» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун эч кимдин Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги иштерине тоскоол боло албай тургандыгын айтканын жазган.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган сапарынын негизинде Жаңы Эренкөйдө жарандар менен жолугушууга катышты. Мевлүт Чавушоглу бул жерде Түркиянын эч ойлонбостон, эч нерсеге жол бербестен Кипр түрк калкынын жанында болгондугун жана болууну улантарын айтты.

«Стар» гезити «Министр Албайрак АКШнын соода министри Росс менен жолугушту» деген  маалыматында казына жана финансы министри Берат Албайрактын кечээ АКШнын соода министри Уилбур Росс менен жолугушкандыгын жазган.  Берат Албайрак Стамбулда өткөн жолугушуу тууралуу твиттер эсебинен маалымат берди. Росс менен Түркия  - АКШнын ортосундагы экономикалык жана соода кызматташуусу кенен каралган, түшүмдүү жолугушуу болгондугун билдирген Албайрак : «100 миллиард долларлык соода көлөмү үчүн чечкиндүүлүгүбүздү дагы бир жолу баса белгиледик»,- деди.

«Ватан» гезити «Июль айынын статистикасы билдирилди» деген кабарында туристтик комплекстердин туристтерди коноктоо катнашы июль айында 75 пайыз болгондугун жазган. Маданият жана туризм министрлиги тарабынан июль айынын коноктоо статистикалары билдирилди. Ушуга караганда жылдын биринчи 7 айында комплекстердин толуу катнашы 50, 68 пайыз болуп ишке ашты.

«Хабер түрк» гезити «Мөмө, жашылча  - жемиш экспортунда лидер Россия» деген маалыматында Түркиянын жылдын 8 айлык мезгилинде 114 өлкөгө жасалган 1 миллион 964 миң 812 тонналык мөмө жана жашылча – жемиш экспортунда 1 миллиард 207 миллион 507 доллар киреше алынгандыгын маалымдаган. Тышка сатууда 375 миллион 386 миң 968 доллар менен биринчи орунду Россия алды.

«Хүррийет» гезити «Түрк дарыгер жана тобу чыгарды: рак менен күрөштө ийгилик катнашы өстү» деген кабарында Германиянын Келн шаарында жашаган түрк дарыгер Ядигар Генч жана тобу рак менен күрөшүү максатында иммунотерапия методу менен жаңы бир дарылоо техникасын чыгарды. Оорулуунун өз канынан алынган күрөшчүл клеткаларга рак протеиндеринин жүктөлүшү жана онколитикалык вирустар колдонулган метод менен ракты дарылоодогу ийгилик маанилүү өлчөмдө артты.



Тектеш кабарлар