Түрк басма сөзү-9.09.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1266022
Түрк басма сөзү-9.09.2019

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу ирандык кесиптеши менен сүйлөштү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн баяндаган. Анда Астана жыйналышы жана Сириянын Конституциялык комиссиясы темалары каралды.

«Хабер түрк» гезити «Автомобиль экспорту август айында 8 пайызга өстү» аттуу маалыматында Түрк автомобиль сектору август айында өткөн жылдын бирдей эле мезгилине салыштырмалуу 8 пайыздык өсүү менен 1,7 миллиард доллардык экспортту ишке ашырганын жазган. Автомобиль сектору ушундайча тарыхында экинчи ирет эң жогорку август айынын экспорту санына жетти.

«Йени шафак» гезити «Экспортко түздөн-түз каттам салымы» аттуу кабарында Түрк аба жолдорунун үстүбүздөгү жылдын башында түздөн-түз каттамын баштаган Мексика жана Демократиялык Конго Республикасынан келген турист санында жана бул өлкөлөргө жасалган экспортто өсүү болгонун жазган. Мексикага экспорт 5 пайыз артса каттам башталган Демократиялык Конго Республикасына экспорт болсо 52 пайызга жогорулады.

«Стар» гезити «Улуттук технология максаты ылдам жогорулап баратат» деген маалыматында Түркиянын авиация жана космостук иштерине маанилүү салым кошо турган ТЕКНОФЕСТтин быйыл 17-22-сентябрь күндөрүнүн аралыгында болоорун маалымдаган. Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, 1 миллион кишинин катышуусу күтүлгөн уюштуруу тууралуу «ТЕКНОФЕСТ менен авиация жана космостун жаш муундарыбызда дилгирликке айлануусун каалоодобуз»,-деди.

«Сабах» гезити «Жапонияда Түркия фестивалы чоң кызыгуу жаратты» деген маалыматында Жапонияда ишке ашкан Түркия фестивалы, Түркияга жана түрк маданиятына кызыккан жапондордун агамына учураганын жазган. Фестивалдагы Мехтер тобунун көрсөтүүсү жапондордон купулуна толду.



Тектеш кабарлар