Түрк басма сөзү  06.09.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1264878
Түрк басма сөзү  06.09.2019

«Хабер түрк» гезити «Түркия менен Орусиянын ортосунда Су  - 35 жана Су  - 57 сүйлөшүүсү» деген маалыматында орусиялык дипломатиялык булактар президент Р. Т. Эрдогандын Орусияда МАКС  - 2019 Эл аралык улуттук авиация жана космостук жарманкесине катышуу жана бул жерде бешинчи муун Су  - 57 аскердик учагына жылуу карагандан кийин эки өлкөнүн ортосунда Су  - 35 жана су  - 57 тууралуу сүйлөшүүлөрдүн башталгандыгын жазган.

«Хүррийет» гезити «Путин : «Түркия Г  - 7ге киргизилсин» деген кабарында Орусиянын президенти В. Путиндин Орусиянын Г  -  7 менен кызматташууга ачык экендигин белгилеп : «Түркия С  - 400дөрдү алгандан кийин абадан коргонуусун күчтөндүрдү. Кытай менен Индия жана Түркиянын да эл аралык жана аймактагы ролунун негизинде бул форматта болушу ылайыктуу болот",-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Түркия менен Азербайжандан аскердик машыгуу» деген маалыматында Азербайжан менен түрк аба күчтөрүнүн биргелешкен аскердик машыгуусу «ТурАз карталы 2019дун» Азербайжанда улантылып жаткандыгын билдирген. Түркия менен Азербайжан аба күчтөрү тарабынан эки өлкөнүн ортосундагы жылдык аскердик кызматташуусу планынын негизинде 2 -  сентябрда башталган машыгуу төртүнчү күндө да улантылууда. Пакистан аба күчтөрүнүн өкүлдөрү да байкоочу катары катышкан машыгуу 16 -  сентябрга чейин улантылат.

«Стар» гезити «Тышкы соодадагы кемчилик 8 айда 61, 3  пайызга азайды» деген кабарында  Түркия экспортчулар ассамблеясынын Секторлор Кеңешинин мүчөсү Рүстем Четинкаянын берген маалыматында жылдын 8 айында экспорт өсүп, импорттун азайгандыгын белгилегенин жазган. Четинкая : «Экспорттогу жогорулоо менен бирге импорттогу азаюу да тышкы соода кемчилигин жылдын биринчи 8 айында 61, 3 пайыздык төмөндөө менен 19 миллиард 662 миллион долларга чыгарды»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Дүйнөдө эң көп зыярат кылынган шаарлар белгилүү болду : Түркиядан 2 шаар бар» деген макаласында Финансы фирмасы Mastercard 2018 – жылдагы маалыматтар боюнча дүйнөлүк масштабда  «эң көп чет элдик зыяратчы алган шаарлар 2019» индексин жарыялады. 200 шаар каралган 2019 тизмесинде Стамбул менен Анталья биринчи онго кирди. Стамбул тизмеде 13, 4 миллион чет элдик зыяратчы менен сегизинчи, Анталия 12, 4 миллион менен онунчу орунду алды.



Тектеш кабарлар