Түрк басма сөзү-5.09.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1264335
Түрк басма сөзү-5.09.2019

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган; экспортубуз 36 миллиард доллардан 170 миллиард долларга көтөрүлдү» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын экспорттун 36 миллиард доллардан 170 миллиард долларга көтөрүлгөнүн айтканын баяндаган.  Коргонуу өнөр жайында Түркиянын жергиликтүү жана улуттук деп муктаждыгынын 70 пайызын камсыздагыдай абалга келгенин белгилеген Эрдоган: «Экспортубуздун коргонуу өнөр жайында 2,5 миллиард долларга жогорулаган абалда. Мындайча айтканда өтмүштө бирөөнөн жардам күткөн армиябыз бар болчу, эми өзүбүз өндүрүүдөбүз, эми көкүрөгүбүздү көтөрүп кадам таштоодобуз»,-деди.

«Сабах» геити «Экспорт артууда» аттуу маалыматында соода министри Рухсар Пекжандын Түркиянын август айындагы экспортунун 1,69 пайыз өсүү менен 13 миллиард 150 миллион доллар болгонун айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Орусияда С-400 билим берүүсү башталды» аттуу маалыматында С-400 билим берүүсү Аба күчтөрү кызматкеринин катышуусунда Орусияда башталганын маалымдаган. Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында, «Алыс аралыкка учуучу аймактык авиация жана ракеталык коргонуу системасы долбоорунун алкагында Орусиянын Гатчина шаарында С-400 билим берүүсү Аба күчтөрү кызматкерлеринин катышуусу менен башталды»делди.

«Стар» гезити «Август айында 117 террорист жок кылынды» деген маалыматында ички иштер минисринин орун басары Исмаил Чатаклынын август айындагы операцияларда 10у жалган жогорку рангадагы болуп 117 террорист жок кылынганын билдиргенин маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Памуккалени үч айда 1 миллион турист кыдырды» деген маалыматында Түркиянын маанилүү туризм борборлорунан бири болгон Памуккалени июнь-август мезгилинде орто эсеп менен 1 миллион 100 миң жергиликтүү жана чет элдик турист кыдырды. Жылдын башынан бери аймакка келген турист саны 1 миллион 800 миңге жетти.



Тектеш кабарлар