Түрк басма сөзү-04.09.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1263558
Түрк басма сөзү-04.09.2019

«Сабах» гезити «Министр Акардын коопсуз аймак жарыялоосу» аттуу маалыматында 2019-2020 Учуу билим берүүлөрү жылынын ачылыш аземине катышуу үчүн  Измирдин Чигли районундагы 2-Башкы реактив база командирлигине барганын жазган. АКШ менен уланган коопсуз аймак иштерине токтолгон министр Акар: «Бизге берилген убадалардын ишке ашуусун байкап жатабыз. Кандайдыр бир түрдө бизге берилген убадаларда кемчилик болсо, булар орундатылбаса, бул тууралуу Түрк куралдуу күчтөрүбүздүн,Түркия Республикасы мамлекетинин «В» планы да бар, «С» планы да бар. Аларды да ишке ашырууга даярбыз. Керек болсо урматтуу президентибиздин да айтканы сыяктуу өз киндигибизди өзүбүз кескидей абалдабыз»,-деди.

«Ватан» гезити «Министр Албайрактын инфляцияга баа берүүсү» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Берат Албайрактын август айында инфляцияда маанилүү төмөндөө болгонун белгилеп, «Өндүрүшчү баа индексиндеги төмөндөө, инфляцияда төмөн карай трендди улантууда. Инфляция менен күрөшүү жана туруктуу өсүү алдыңкы саясаттарыбыз менен бардык тармактарда жылдын акырында максатыбызга жетебиз»,-деп айтты.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба жолдорунан билет алуу» аттуу маалыматында Түрк аба жолдору трансфер борбору Стамбул аэропортунан Англия, Ирландия, Орусия, Норвегия, Швеция, Дания, Финляндия, Латвия, Литва жана Эстониядагы 26 жерге барып-келүүнүн толук акысы 164 доллардан башталган баалар менен учуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаганын маалымдаган. Чектелген сандагы орундук үчүн жарай турган арзандатуулардан пайдалангысы келгендер 2019-жылдын 3-13-сентябрь күндөрүнүн аралыгында учуу билетин сатып алган учурунда каттамдардан 2019--жылдын 3-сентябрынан 2020-жылдын май айына чейин пайдалана алат..

«Стар» гезити «Шимшекке алгачкы чет өлкөдөн милдет» аттуу маалыматында Түрк авиация жана космос өнөр жайы акционердик коому (ТУСАШ) жасап чыгарган Шимшек жогорку ылдамдыктуу максаттагы учак системасы алгач ирет чет өлкөдө колдонулаарын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Кушадасына 3 крейсер менен 4230 жүргүнчү келди» аттуу маалыматында крейсер туризминин маанилүү борборлорунан Айдындын Кушадасы районуна кечээ 3 кеме менен бардыгы 4230 жүргүнчү келгенин баяндаган.Бахама жедеги илинген «» 1850 жүргүнчү, Мальтанын желеги илинген «» 1674 жүргүнчү жана Бахама желеги илинген «» болсо 706 жүргүнчүсү менен Кушадасынын Эгей порт портуна жанашты. Кемелерден түшкөн көпчүлүгү АКШлык туристтер автобустар менен Эфес жана Мариям Ана туруна чыкты.



Тектеш кабарлар