Түрк басма сөзү  30.07.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1244916
Түрк басма сөзү  30.07.2019

«Йени шафак» гезити «Түркия: коопсуз аймакты жалгыз өзүбүз курабыз» деген макаласында улуттук коргоо министри Хулуси Акар АКШнын коргоо министри Марк Эспер менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Улуттук коргоо министрлигинен : «Акар сүйлөшүүдө Түркиянын АКШдан күтүүсүнүн ПКК/ЙПГ террордук уюмуна колдоосун толугу менен токтотушу керектигин айтты»,- деп билдирилди. Маалыматта : «Сүйлөшүүдө АКШ менен бир жерде келише албасак Сирияда коопсуз аймакты жалгыз өзүбүз түзүүгө мажбур болорубуз айтылды»,- деп жазылды.

«Стар» гезити «С  - 400дөрдүн жанына ХИСАРлар келе жатат» деген кабарында коргонуу боюнча тышка көз карандылыкты акырына чыгаруу жерине келген жана жергиликтүүлүк катнашта 70 пайызга жеткен Түркиянын жергиликтүү жана улуттук абадан коргонуу системаларына байланыштуу иштерин  ылдамдаткандыгын жазган. Орусиядан сатып алынган С  - 400 абадан коргонуу системасын куруу процесси улантылып, Түркиянын улуттук абадан коргоо долбоорлору да акырына жакындап калды. Жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган «Хисар» абадан коргонуу группасынын долбоору үч башка система менен инвентарга кирет. Төмөндөн учуучу «Хисар  - А» ракета системасы 2021 -  жылы, орточо  бийиктикте «Хисар  - О» да 2022 – жылы, бийикте учуучу «Хисар  - У» ракета системсынын массалык өндүрүшү 2025 -  жылы башталат.

«Хабер түрк» гезити «Түркия дүйнөнүн эң чоң жаратылыш газ сактоо аянтын курууда» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин  Аксарайдагы Туз көлү жаратылыш газ сактоо аянтын кеңейтүү долбоору тууралуу бул жердеги 1, 2 миллиард метр кубдук көлөмдү 5, 4 миллиард метр кубга чыгарышарын айткандыгын жазган. Аксарайга Туз көлүнүн жаратылыш газ сактоо аянтын кеңейтүү долбоорунун пайдубалын түптөө аземи үчүн келишкендерин айткан Дөнмез : «Бул тармакта дүйнөдө туз бөлүктөрүнүн ичинде жаратылыш газ сактоо аянты катары курулган мынчалык көлөмдө башка бир долбоор жок»,- деди.

«Сабах» гезити «Кара анжирдин экспорту башталды» деген кабарында Эгей аймагынын негизги айыл  - чарба продукцияларынан жана Британия королдук үй  - бүлөсүнүн да дасторконунан орун алган кара анжирдин экспортунун башталгандыгын жазган. Кара анжирдин Британия, Франция, Германия, Нидерландия, Орусия, Дубай жана Гонконгго экспорту башталды. Кара анжир кандын коюлашына тоскоол болуп жүрөк пристубун азайтат, теридеги  жаралардын бат айыгышына мүмкүнчүлүк түзөт, аз кандуулуктун алдын тосот. Энергиянын булагы болгон кара анжир астым, жөтөл жана башка ооруларды дарылоочу өзгөчөлүгүнө ээ. Кандагы холестериндин деңгээлин тең салмактоодо пайдалуу.

«Ватан» гезити «Анталияда туристтер деңиз жээгин жана суу парктарына толтурушту» деген кабарында Анталияда кечээ абанын ысыктыгы 30, деңиз суусунун ысыктыгы 29 градус болгондугун жазган. Салкындоо үчүн туристтердин Коняалты жана Лара комплекстерин толтурушту.  



Тектеш кабарлар