Түрк басма сөзү 21.06.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1222763
Түрк басма сөзү 21.06.2019

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандан С  - 400 билдирүүсү» деген маалыматта президент Р. Т. Эрдоган Түркиядагы эл аралык басма сөз мекемелеринин өкүлдөрү менен кечээ Стамбулда Долмабахче офисинде жолугушуп, түрдүү маалыматтарды бергендигин жазган. Эрдоган : «С – 400 тууралуу биздин жана Орусия үчүн ишибиз бүттү. Алдыбыздагы айда тапшыруу башталат, АКШнын санкцияларынын болуу ыктымалы жок»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Пекжан Ирактын президенти Берхем Салих менен жолугушту» деген кабарында Түркия  - Ирак Иш Форумуна катышуу жана түрдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн кечээ Ирактын борбор шаары Багдатка барган соода министри Рухсар Пекжандын Ирактын президенти Бехрем Салих жана премьер  - министри Адил Абдулмехди менен жолугушкандыгын жазган. Жолугушууда эки өлкөнүн президенттери тарабынан ортого салынган 20 миллиард долларлык соода көлөмү максатынын негизинде соода карым  - катнаштарын жана инвестициялардын арттырылышы темаларынын каралгандыгы белгиленди.

«Ватан» гезити «Түркияда инфляциянын төмөндөшү ылдамдайт» деген кабарында Эл аралык насыя рейтинги Fitch Ratingsтин башкаруучу директору Эдвард Паркер : «Түркияда инфляциянын төмөндөшүн алдыбыздагы айларда базалык таасир менен ылдамдай тургандыгын күтүп жатабыз. Түркиянын өткөн жылы жайдан бери эсеп  - кысаптагы түзөтүүсү көңүл бурарлык»,- деди.

«Сабах» гезити «Явуз кемеси Жер Ортолук деңизине карай жолго чыкты» деген маалыматында Чыгыш Жер Ортолук деңизинде нефть жана жаратылыш газ издөө иштерин баштай турган «Явуз» бургулоо кемеси кечээ Жер Ортолук деңизге карай жолго чыккандыгын жазган. «Явуз» бургулоо кемесин Жер Ортолук деңизине узатуу аземинде сөз сүйлөгөн энергетика министри Фатих Дөнмез : «Өз укуктарыбызды жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укуктарын коргойбуз. Түркиянын чечкиндүүлүгүнө эч ким тоскоол боло албайт»,- деди.

«Стар» гезити «Рокетсандын микро спутник учуруу унаасы биринчи жолу өлкө тышында таанытылды»  деген макаласында  Ракета өнөр жайы жана соода акционердик фирмасы Рокетсан имкро спутник учуруу унаасын өлкө тышында биринчи жолу Франциядагы Париж авиация жарманкесинде көргөзмөгө  чыгаргандыгын жазган. Рокетсан базарды өнүктүрүү жана таанытуу директору доктор Худаи Өздамар : «Өнүккөн жаңы технологиялык тактика жана стратегиялык системаларыбыз менен базарда бар экендигибизди бул жарманкеде бекемдедик»,- деди.



Тектеш кабарлар