Түрк басма сөзү 25.04.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1189717
Түрк басма сөзү 25.04.2019

 

«Стар» гезити: «Эрдоган: Түркияга жалаа жапкандардын баардыгынын кандуу тарыхы бар» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдоган, Бештепедеги Миллет конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн симпозиумда сөз сүйлөгөнүн жазган. Эрдоган сөз сүйлөөсүндө армян маселеси жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча Түркияга адам укуктары жана демократия сабагын берүүгө аракет кылгандардын баардыгынын кандуу тарыхы бар экенин айтты.

«Йени шафак» гезити: «Алтун: 1915-жылдагы окуялар саясий кызыкчылык болбошу керек» деген маалыматында Президенттик аппараттын байланыш бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтын, 1915-жылдагы окуялардын саясий кызыкчылыктарга жараша эмес туура жана чыныгы маалыматтардын негизинде каралышы керектигин айтканын билдирген.

«Сабах» гезити: «Төрт аскер шейит болгон аймакка абадан операция жүргүзүлдү» деген маалыматында Хаккаринин Чукуржа районуна караштуу Кавушак Серибери база аймагына кирүүгө аракет кылган ПКК/ЙПГлик террористтердин абадан операциянын негизинде таасирсиз кылынганын маалымдаган.

«Хүррийет» гезити: «Түрк авто унаа сектору Латын Америкада» аттуу кабарында түрк авто унаа сектору Латын Американын эң ири автомобиль жарманкеси Automec-2019га 29 ишкана менен катышканын билдирген. Көргөзмө-жарманкеге 20дан ашуун өлкөдөн миңге жакын ишкана катышууда.

«Хабер түрк» гезити «Англиялык туристтерде 40 пайыздык өсүү күтүлүүдө» деген маалыматында Түркияда англиялык туристтердин эң көп тандаган жерлердин башында Мармарис турганын билдирген. 2019-жылдагы сезондо англиялык туристтердин санында 40 пайыздык өсүү күтүлүп жатат.



Тектеш кабарлар