Түрк басма сөзү-24.04.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1189056
Түрк басма сөзү-24.04.2019

«Йени шафак» гезити «Чавушоглу, АКШнын санкция чечимдерине каршыбыз» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын Иранга киргизген мунай зат санкцияларынан таасир албаган 8 өлкөгө жаңы эркин коюу укугу берилбөөсү тууралуу чечимине каршы экендиктерин айтканын баяндаган. Европа Биримдигинин да бул чечимге каршы экенин маалымдаган Чавушоглу: «Бул бир топ өлкөгө таасирин тийгизет»,-деди.

«Сабах» гезити «Түрк куралдуу күчтөрүнөн Ирактын түндүгүнө абадан операция» аттуу маалыматында Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагына абадан жүргүзүлгөн операцияда жикчил террор уюму ПККнын мүчөсү террористтер тарабынан курал жайгаштырылган жер, баш калкалоочу жай жана ок-дары кампасы катары колдонулган буталар атылып жок кылынды.

«Стар» гезити «Президенттик Комплексинде 23-Апрель аземдери» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Президенттик комплексинде улуттук билим берүү министри Зия Селчук жана аны коштогон делегацияны кабыл алганын жазган. Эрдоган балдарга карылып сүйлөгөн сөзүндө «Көз карандысыздык оту улутубузга ар дайым нур чачып келди. Кыялданууларыңыздын жолуна эч бир тоскоолдук койбоңуздар»,-деди. Президент Эрдоган 23-Апрелден улам орундугун бир саамга 12 жаштагы Озан Сөзейатароглуна берди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиядан англис жана немис абактарына «каалга» сыяктуу коопсуздук» аттуу маалыматында Түрк фирмаларынын акыркы жылдарда өндүргөн коопсуздук аппараттарынын чет өлкөдө колдонулушу барган сайын жайылып бара жатканын жазган. Электрал акционердик коому тарабынан өнүктүрүлгөн каалга детекторлору Англия жана Германиядагы абактар менен катар ар кайсы өлкөлөрдөгү аэропорттор, юстиция мекемелри жана тарыхый жайлардын коопсуздугун камсыздоодо роль ойноодо.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдору (THY), Анкара-Баку каттамдарын баштады» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорунун (THY) Анкара-Баку ортосундагы түз каттамдары башталганын жазган. Бул каттамдын алгачкы учуусунан улам «Гайдар Алиев» атындагы аэропортто коктейль уюштурулду. Иш-чарага Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Надир Хүсейинов, Түркиянын Бакудагы элчиси Эркан Өзорал, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкүлү Уфук Турганер, Түрк аба жолдорунун башкы катчысынын орун басары Абдулкерим Чай, Азербайжандын жарандык авиация делегациялары, Түрк мекемелери менен туризм агенттигинин өкүлдөрү катышты.



Тектеш кабарлар