Түрк басма сөзү 8.04.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1178880
Түрк басма сөзү 8.04.2019

 

«Хүррийет» гезити «Ибрахим Калын Нетаньяхуга каршылык көрсөттү» деген маалыматында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун Батыш Шериадагы мыйзамсыз отурукташуу жерлерин, шайлоодон кийин Израилге кошо турганы жөнүндөгү билдирүүсүнө каршылык көрсөткөнүн жазган. Калын социалдык медиа баракчасынан жарыялаган бөлүшүүсүндө: «Бул билдирүү Нетаньяхунун басып алууну мыйзамдаштыруу аракеттеринин бир мисалы болуп эсептелет. Кайрадан шайланса бул демократиянын жеңиши болобу же басып алуунунбу» деген сөздөрдү айтты.

«Хабер түрк» гезити «Ыраакы чыгыштык туристтер чубап келишти» аттуу кабарында Түркиянын туристтик аймагы Памуккале, 2019-жылды жакшы баштап биринчи айда туристтердин санын 25 пайыз арттырганын билдирген. Жыл бою 3 миллион туристтин келээри күтүлгөн аймакка бул мезгилде Ыраакы чыгыштык туристтер чоң кызыгуу көрсөтүшсө, немис жана орусиялык туристтердин да алдыдагы күндөрдө аймакка чубап келээри күтүлүүдө.

«Сабах» гезити «33 сааттын ичинде бүттү» деген маалыматында дүйнөнүн эң чоң аэропорту болгон Стамбул аэропортунда көчүрүү иштери аяктаганын жазган. 45 саатка созулаары күтүлгөн көчүрүү иштери 33 сааттын ичинде аяктады. Түрк аба жолдору көчүп баргандан кийин жаңы үйүнөн биринчи каттамды Анкарага ишке ашырды.

«Стар» гезити «Чөнтөк Геркулеси аттуу кино тартылды» деген маалыматында түрк спорт тарыхына таанымал штангист Наим Сүлейманоглунун өмүр баянын түшүндүргөн «Чөнтөк Геркулеси» аттуу кинотасма 25-октябрда көрсөтүлө турганын билдирген.

«Йени шафак» гезити «Стамбулдагы  жарым марафондо Кения ийгилиги» аттуу кабарында Стамбулдагы жарым марафондун жеңүүчүлөрү белгилүү болгонун маалымдаган. Эркектер арасында кениялык Бенард Негно 59 мүнөт 56 секунддук даражасы менен чемпиондукка жетишти. Аялдар арасында да дагы бир кениялык атлет чемпион болду. Рут Чепнгетич 1 саат 5 мүнөт 30 секунддук жаражасы менен аялдар арасында чемпиондукка жетишти.



Тектеш кабарлар