Түрк басма сөзү 05.04.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

1177608
Түрк басма сөзү 05.04.2019

«Стар» гезити «Түркиядан Ф  - 35 жана С  - 400 билдирүүсү» деген маалыматында аскердик булактардын Ф  - 35 аскердик учактарынын каражаттарынын Түркияга тапшырылышынын токтотулгандыгына байланыштуу кабарларга карата тапшыруу процесси тууралуу АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жана координациянын улантылып жаткандыгын, өзгөчө учкучтардын да билим алышынын улантылып жаткандыгын белгилегендигин жазган. Маалыматта Орусиядан алына турган С  - 400 абадан коргоо системаларынын тапшырылышы тууралуу да пландалгандын тышында бир өзгөрүүнүн болбогондугу, бардык нерсенин пландалгандай улантылып жаткандыгы, эч бир кемчиликтин жоктугу билдирилди.

«Хабер түрк» гезити «Экспортто март айынын биринчиси автомобиль индустриясы» деген кабарында март айында экспорт 0,5 пайыздык өсүү менен 16 миллиард 334 миллион долларга жеткендигин жазган. Бул сан март айынын рекорду болду. Март айында экспорт 0,5 пайыздык өсүү менен 16 миллиард 334 миллион доллар болду.  Экспортто март айынын биринчиси автомобиль индустриясы болду. Автомобиль индустриясы өткөн айда 2 миллиард 885 миллион 166 миң долларлык экспортко кол койду.

«Сабах» гезити «Түрдүү түстүү карнавал башталды» деген кабарында 7 -  апелсин гүлү карнавалы «Апрелде Аданада»  деген ураан менен кечээ башталгандыгын жазган. 7 -  апрель жекшемби күнү аяктай турган фестивалда 100дөн ашуун иш чара жана 6 -  апрель ишемби күнү боло турган түрдүү түстүү кийимчен топтордун кортежинен улам шаарга жергиликтү жана чет элдик 100 миң туристтин келеши, 1, 5 миллион кишинин да иш чараларга катышышы күтүлүп жаткандыгы билдирилди. Шаарга келе турган турист санынын кортежден мурда да өсөрү белгиленүүдө.

«Йени шафак» гезити «Анкара эл аралык кино фестивлы башталууда» деген кабарында Анкара эл аралык кино фестивалынын отузунчусу 18 – 28 -  апрель күндөрү өткөрүлөрүн жазган.

10 күнгө созула турган фестивалда 120га жакын кино, режиссер жана актерлор көрүүчүлөр менен жолугушат. Өзгөчө фестивалда атайын иш чаралар бардык жаштардан кино сүйүүчүлөр үчүн акысыз өткөрүлөт.

«Хүррийет» гезити «УЕФА супер кубок финалы 2019 -  жылы 14 -  августта Стамбулда өткөрүлөт» деген кабарында Европа футболдук федерациялары биримдиги 2019 -  жыл 14 -  августта Стамбулда өткөрүлө турган 2019 УЕФА супер кубогунун даярдыктарынын негизинде беттешүүгө үй ээлик кыла турган Стамбул Водафон парктагы төртүнчү жыйынын өткөргөндүгүн жазган. УЕФА супер кубок оюнун иликтейт. Медиа кызматкерлери үчүн Водафон парктын басма сөз трибунасынын көлөмү чоңойтулат. Өзгөчө түз эфир байланыш платформалары курулат. Европанын түрдүү өлкөлөрүнөн келе турган телеканалдардын иштешине жана азыркы түз эфир каражат аянттары да кеңейтилет.



Тектеш кабарлар