Түрк басма сөзү-4.04.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1177164
Түрк басма сөзү-4.04.2019

«Хабер түрк» гезити «Түркия С-400дөрдн баш тарта албайт» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркиянын Орусиядан ала турган С-400 абадан коргонуу системаларынын бүткөрүлгөн келишим болгонун, мындан баш тартпай тургандарын айтканын баяндаган. С-400дөрдүн F-35 согуштук учактары менен кошо НАТО системаларын душман катары карабай тургандарына басым жасаган Чавушоглу, F-35 программасы АКШнын Түркия менен катар НАТО шериктештерине берки аскердик техникаларды сатуулар сыяктуу болбогонун айтты. Чавушоглу Түркиянын F-35 программасынын бир бөлүгү экенин белгилеп өттү.

«Стар» гезити «Германия энергетикада Түркия менен кызматташтык кылууну каалайт» деген маалыматында Германиянын экономика жана энергетика министрлигинин кеңешчиси Оливер Виткенин өлкөсүнүн Түркиянын эң маанилүү экономикалык өнөктөшү экенин билдиргенин баяндаган. Түркияда энергиянын кайра жаралуучу булактары дагы көп күн тартипке келе баштаганына басым жасаган Витке: «Түркия менен энергетика тармагында дагы жакын кызматташтык кылгыбыз келет»,-деди. Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы Бажы Биримдигинин жаңылануусунун да күн тартипте болгонуна шилтеме берген Витке: «ЕБ деңгээлинде муну сүйлөшүп жатабыз. Бул жерде эки жактын тең иш-аракет кылуусу менен эркин соода үчүн бир нреселер жасалса болот. Бир жумушчу тобу бул тема менен тыгыз алектенип жатат. Түркиядагы досторубуз менен муну сүйлөшүүдөбүз»,-деди.

«Сабах» гезити «Орусия менен соодада максат 100 миллиард доллар» деген маалыматында Түркия жана Орусия экономкалык карым-катнаштарды күчтөндүргөн жүрүштөргө дагы бир жаңысын кошконун маалымдаган. Түркия, июль айында Орусиянын Екатеринбург шаарында боло турган INNOPROM өнөр жай жармакесине өнөктөш өлкө катары катышат. Эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу соода көлөмү 25,7 миллиард долларга жетсе, максат муну 100 миллиард долларга жеткирүү болуп саналат. Эки өлкө катары тышкы соода иш-аракет планын даярдайт. Бул иш-аракет планы менен Түркия жана Орусиянын күчтүү жактары үчүнчү өлкөлөргө, базарларга бирге жеткирилет.

«Йени шафак» гезити  «Эл аралык Бут кийим Мода жарманкеси каалгаларын ачты» деген жаңылыгында өз тармагында дүйнөнүн эң чоң экинчи иш-чарасы болгон жана быйыл 61-өткөрүлгөн Бут кийим Мода жарманкеси (AYMOD) Стамбулдагы Йешилкөйдө каалгаларын ачканын маалымдаган. Миңден ашуун бут кийим маркасы эң жаңы моделдерин көрсөткөн, Орусиядан АКШга жана Европага чейин 60 өлкөдөн кардар делегациялар тосулган жарманкеде, чет элдиктер айрыкча колго жасалган жана атайын долбоорлонгон бут кийимдерге кызыгууда. Жарманке 6-апрелге чейин уланат.

«Хүйррийет» гезити «Түркиянын куш бейиши Туризмге киргизилет» деген маалыматында таза суулары, табияты, флорасы жана фаунасы менен суктандырган 193 куш түрүнүн жашоо аянты болгон Хатайдын Кырыкхан районундагы Гөлбашы көлү туризмге киргизилип жатканын жазган. Көл табият сүйүүүчүлөрүнүн, фотосүрөтчүлөрдүн жана саякатчылардын күн өткөн сайын дагы көп кызыккан жерине айланды. Өткөн жылы «Улуттук маанидеги саздак аянт» деп катталган көл, чөйрөдөгү оңдоолордон кийин туризмге ачылат. Гөлбашы көлү Хатайда өтө турган EXPO 2021 иш-чарасында да кыдырыла турган жерлердин арасында орун алат.



Тектеш кабарлар