Түрк басма сөзү 02.04.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1175457
Түрк басма сөзү 02.04.2019

  «Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглудан Венесуэла тууралуу маалымат» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын Венесуэланы колдоону улантарын айткандыгын жазган. Мевлют Чавушоглу борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген венесуэлалык кесиптеши Хорхе Арреаза менен кечээ биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү. Министр Чавушоглу сүйлөгөн сөзүндө : «Венесуэланы колдоону улантабыз. Венесуэладагы кандайдыр бир тескери  абал бүткүл Латын Америкага ал түгүл Карибдерге таасирин тийгизет»,- деди.

«Сабах» гезити «Ирактын түндүгүнө абадан операция» деген кабарында улуттук коргоо министрлиги кечээ Ирактын түндүгүнө жасалаган аба операциясында ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү террористтер тарабынан колдонулган буталарды жардыргандыгын билдирди. Министрликтин твиттер эсебинен берилген маалыматта : "Ирактын түндүгү Авашин  - Басян жана Хакрук аймактарына жүргүзүлгөн аба операциясынын натыйжасында жикчил террордук уюм тарабынан курал буктурмасы, баш калкалоочу жер жана ок  - дары сактоочу жер катары колдонулган буталар жардырылды»,- деп билдирилди.

«Хабер түрк» гезити «Атак Бразилияны сыйкырлады» деген макаласында Атак тик учары Бразилияда өткөн roadshowнун негизинде  11 учкуч менен 18 саат учкандыгын жазган. Рио де Жанейро шаарынын символдорунан болгон Куткаруучу Иса айкели тегерегинде учкан Атак учкучтар менен көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

«Йени шафак» гезити «Түрк коргонуу өнөр жайы LAAD жарманкесине даяр» деген кабарында Түркия 2 – 5-  апрелде Бразилияда өткөрүлө турган 12 -  LAAD коргонуу жана коопсуздук жарманкесине президенттик коргонуу өнөр жай башкармалыгынын лидерлигинде 17 фирма менен катыша турган жарманкеде түрк коргонуу өнөр жай фирмалары тарабынан чыгарылган ок өткөрбөс унаа платформалары, учкучсуз түрдүү кургактык жана аба унаалары, деңиз системалары, курал системалары, электрондук системалар, ок  - дарылар, симмуляторлор, аскердик текстиль продукциялары, логистик колдоо продукцияларынын таанытыларын жазган.

«Стар» гезити «Түрк аба жолдорунун Лондон  - Анталия түздөн түз каттамдары башталды» деген кабарында Түрк аба жолдору Лондон жана Анталиянын ортосунда түздөн түз катттамдардын башталгандыгын жазган. Биринчиси жекшемби күнү ишке ашкан учууда чүчү кулак тартуу менен эки жүргүнчүгө Лондон  -  Анталияга барып  - келүү билети белекке берилди.



Тектеш кабарлар