Түрк басма сөзү-28.03.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1172409
Түрк басма сөзү-28.03.2019

«Сабах» гезити «Алтун; ПККга дагы бир оор сокку урдук» аттуу маалыматында Президенттик аппараттын байланыш башчысы Фахреттин Алтундун Твиттер барагынан Улуттук чалгындоо уюму (УЧУ) жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) биргелешкен операциясында, жикчил террор уюму ПККнын корбашчысы Жемил Байыктын эң жакын адамдарынан Рыза Алтун жана анын жанындагылардын Кандилге абадан жүргүзүлгөн операция менен жок кылынганы жөнүндө маалымат бөлүшкөнүн баяндаган. Алтун: «ПКК террористи Рыза Алтун жана аны коштогондор, коопсуздук күчтөрүбүздүн ийгиликтүү абадан жүргүзүлгөн операциясы менен атылды. Мамлекетибиз террор менен күрөшүүдө дастан жазып жатат»,деген серебин салды.

«Хабер түрк» гезити «Министр Пекжан; бардык процедуралары электроникалык болгон кагазсыз экспорт ишке ашыруусуна өтүүдөбүз» аттуу маалыматында экспортто бардык процедуралардын электроникалык чөйрөдө жасалган ишке ашырууга өтүлүп жатканын баяндаган. Соода министри Рухсар Пекжан, экспортто жаңы мезгил башталганын жарыялады. Бардык процедуралар электроникалык чөйрөдө жасалган кагазсыз экспорт ишке ашуусуна өтүлө турганын белгилеген Пекжан, ушундайча абдан чоң бурулушту ишке ашыра тургандарын белгилеп кетти.

«Хүррийет» гезити «Немец дөө-шаасы Стамбул аэропортуна каттамдарын баштайт» деген маалыматында Германиянын авиациялык тобу Лүфтхансанын 7-апрелден тарта Түркияга каттамдарын Стамбул аэропортунан ишке ашырууга даярданып жатканын жазган. Фирманын жарыясында Стамбул аэропортунун эл аралык аба жолдору үчүн операциялык абалга келишинен кийин Лүфтханса «Ататүрк» аэропортунан жаңы адресине көчөт. Жаңы аэропортту колдонгон Лүфтхансанын жүргүнчүлөрү үчүн тариф, акы, аэропорттун үч тамгалуу «IST» кыскартылышы жана башка мүмкүнчүлүктөр ошондой эле түрдө жарактуу болот.

«Стар» гезити «Жардамдарына Түркия чуркады» деген маалыматында Түркиянын Дин иштери фондунун Сирияда жарандык согушта жабыр тарткан 40 миңден ашуун жетимди дарылатканын жазган. Дин иштери фонду эки жыл мурда баштаган программа менен Сирияда жарандык согуштун себебинен ден-соолугу каралбай калган жетимдерди Түркиядан барган ыктыярдуу доктурлар аркылуу дем алыш күндөрү текшерүүдөн өткөртүүдө. Текшерүүлөрдөн өткөн жетимдерге оорусуна жараша бекер дары берилүүдө.

«Йени шафак» гезити «АТАК Бразилияда шоу көрсөттү» деген маалыматында Латын Америкасынын эң чоң коргонуу өнөр жайы жарманкесинде көрүүчүлөрдүн назарына сунушталган Т-129 АТАК тик учактары алгачкы учуусун Бразилиянын Форте Рикардо Кирк кургактык авиациясы командирлигинде ишке ашырганын маалымдаган. Бразилиянын басма сөзү учуу көрсөтүүсүнө абдан кызыкса, аземге катышкан бразилиялык учкучтар жана аскер кызматкерлери эки өлкөнүн учкучтары чогуу айдаган Т-129 АТАК тик учактарынын учуусун жана маневрларын кунт коюп толкундануу менен көрүштү.



Тектеш кабарлар