Түрк басма сөзү  6. 09.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1044362
Түрк басма сөзү  6. 09.2018

«Стар» гезити  «Түркия Орусия жана Асад режимине Идлиб тууралуу каршы чыкты» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Сириянын Идлиб шаарында жарандардын өлүмүнө жол ачкан Орусия жана Башар Асадга : «Эч ким эч кимди алдабасын. Бул кол салуулардын максаты Идлибди колго алуу»,- дегенин жазган. Идлибдеги радикал топторду шылтоолоп жарандардын бомбаланышына каршылык көрсөткөн Чавушоглу : «Бул топторго каршы болгон болсоңор Халептен, Чыгыш Гутадан, Хомстан ал түгүл түштүктөн буларды куралдары менен бирге эмнеге Идлибге киргиздиңер»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркия 2019 – жылы ырааттуу өсүүгө өтөт» деген макаласында казына жана каржы министри Берат Албайрактын инвесторго берилген ишеним менен алдыбызда жакшы күндөрдүн болорун айткандыгын жазган. Албайрак : «Көп өтпөй жаңы экономика мезгилинин фазаларын ишке киргизерибиз менен эл аралык актерлордун өлкөбүзгө карата инвестицияларынын улантыларына баарыбыз күбө болобуз»,- деди. Албайрак Түркиянын көп тараптуу экономика программасы менен инвесторуна берген ишенимди арттыруу менен улантарын белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Акылдуу адамдар түрк мүлктөрүн сатып алышууда» деген маалыматында дүйнөгө белгилүү америкалык инвестор жана каржы адиси Джим Роджерс инвесторлорго түрк мүлктөрүн сатып алууну сунуш кылгандыгын билдирген. Роджерс : «Акылдуу адамдар азыркы учурда түрк мүлктөрүн сатып алышууда. Инвестиция сала турган болсом Түркиядагы мүлктөрдү алмакмын»,- деди. АКШнын Түркияга карата санкция чечимин чыгарышынын туура эмес экендигин белгилеген Роджерс узун мөөнөттө бул абалдын АКШга зыянын тийгизерин белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Ф – 35терде түрк колу» деген маалыматында коргонуу өнөр жай башкармалыгы АКШнын Түркияны проект тышында калтырууга аракет кылган Ф  - 35 аскердик учак проектинде түрк фирмалары чыгарган тетиктерди билдиргендигин жазган. Учактын моторунан баштап 19 жеринде 7 түрк коргонуу өнөр жайы фирмасынын колу коюлган. Учактын орчундуу бөлүкчөлөрүн өндүргөн түрк фирмалары Ф  -35тердин өндүрүү жана тапшыруусунун убагында аткарылышы үчүн абдан чоң роль алып жатат.

«Сабах» гезити «Түркия той туризиминде аракетке өттү» деген маалыматында акыркы мезгилдерде Түркияга той туризми үчүн келген бай турист санында да өсүнүн болгондугун жазган. Түркия акыркы мезгилдерде той өткөрүү үчүн тандаган Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн чоң талап алууда. Өзгөчө Түркияда той өткөрүүнү тандаган Индия жана Ливан сыяктуу өлкөлөрдөн бул жылдын 7 айында келген турист санында өсүү болду. Индиядан 98 пайыздык өсүү менен 83 миң, Ливандан болсо 43 пайыздык артуу менен 155 миң турист келди.

 

 



Тектеш кабарлар