Түрк басма сөзү 31.10.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

837761
Түрк басма сөзү 31.10.2017

«Сабах» гезити «Үч өлкө бир жүрөк биргелешкен ийгилик» аттуу макаласында Кытайдан Европага үзгүлтүксүз темир жол транспортун камсыздап, тарыхый Жибек жолун кайрадан ишке ашыра турган Баку-Тбилиси-Карс темир жолу кечээ Азербайжандын борбор шаары Бакудагы азем менен тейлөөгө ачылганын билдирген. Президент Режеп Тайип Эрдоган ачылыштагы сөз сүйлөөсүндө: «Лондондон Кытайга үзгүлтүксүз темир жол байланышынын курулганын да жарыялай кетели. Чечкиндүүлүгүбүздүн жана көз карашыбыздын эмгеги болгон бул долбоор бардыгыбыздын биргелешкен ийгилигибиз болуп саналат. Келечегибиз үчүн абдан маанилүү кадам таштап жатабыз. Бул ачылыш аркылуу Жаңы Жибек жолу демилгесинин шакекчелеринин бирин тейлөөгө киргиздик. Бул темир жол аймагыбызга бир гана экономикалык жактан киреше алып келбейт. Саясий жактан тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулук; социалдык жактан ынтымак алып келет»,-деди. Эрдоган Азербайжан калкынын «Убайым тартып желген пияз, убарасыз желген балдан таттуу болот» деген макалына шилтеме кылып: «Мына бул долбоор убайым тартып, атайын күч жумшалып, пешене тери менен ишке ашырылганы үчүн чындыгында абдан баалуу. Өлкөм жана улутумдун атынан бул долбоордун бүтүндөй аймагыбыз үчүн, бардык элдерибиз үчүн пайдалуу болушун тилеймин»,-деп айтты.

«Хүррийет» гезити «Гигант долбоор аяктап баратат» аттуу маалыматында Транс Анадолу жаратылыш газ кууру долбоорунун (TANAP) башкы директору Салтук Дүзйолдун, Түркия-Грузия чек арасынан баштап Эскишехирге чейин жете турган 1350 км узундуктагы түтүк жолунун алгачкы этабы «ФАЗ 0дүн» орто эсеп менен 93 пайыздык бөлүгү аяктаганын айтканын жазган.

 Дүзйол: «Алдыбыздагы жылдын башынан тарта газ куурунун толтурула баштоосу жана системалардын сыналышы максатында түтүк жолунун Түркия-Грузия чек арасындагы кире беришинен системага газ алына баштайт. Газ кууру системасын түзгөн бардык жер астындагы жана жер үстүндөгү түтүктөрү газ толтурулуп бир-бирден текшерилип чыгат. Буларга 6 айдай убакыт бөлдүк. Буюрса 2018-жылдын июнь айынын акырында Түркияга соодалык газ өткөрүүнүн баштатылышы үчүн даяр абалга келет»,-деп айтты.

«Хабер түрк» гезити «Жаңы Зигана тоннели бүткөндө Европанын эң узун, дүйнөнүн 2-узун туннели болот» аттуу маалыматында Чыгыш Карадеңиз жана Кавказияны Жакынкы Чыгыш менен Иранга кошкон Трабзон-Гүмүшхане автожолунда орун алган тарыхый Жибек жолунун багытындагы Жаңы Зигана тоннелинде казуу иштери уланып жатканын маалымдаган. Бүткөндө Түркия менен Европадагы эң узун, дүйнөдөгү 2-узун тоннель боло турган жана 1,5 жыл мурда салына баштаган Трабзон-Гүмүшхане автожолундагы Жаңы Зигана тоннелинде ушул убакка дейре эки тараптан тең кош оюуда жалпы 8 миң 807 метрдик казуу иштери жасалды.

«Ватан» гезити «F-35 учактары 2018-жылы Түркияда» деген маалыматында радарга кармалбаганы үчүн элес учак деп айтылган Бириккен чабуул учагы программасынын алкагында өнүктүрүлгөн F-35 согуштук учактарынын алгачкы экөө 2018-жылы Түркияда болоорун жазган. Буюртмалардын сериалуу түрдө тапшырылышы 2019-жылы башталат жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарына кошулат. F-35тердин жаңы уясы болсо Малатиядагы Эрхач аскердик базасы болот.

«Йени шафак» гезити «Түркия күрөштүн эркин жана грек-рим ыкмаларында Балкан чемпиону болду» аттуу кабарында Бурсанын Изник районунда аяктаган 3-Эл аралык жаштар арасында Балкан күрөш чемпионатында Түркия эркектер арасында эркин жана грек-рим ыкмаларда чемпиондукка жетишкенин маалымдаган. Иш-чарага Түркия менен катар Болгария, Румыния, Македония, Босния-Герцеговина, Украина, Сербия,Албания жана Грециядан 160 спортчу катышты. Эркектер арасында эркин жана грек-рим ыкмаларда Түркия биринчи, Румыния экинчи жана Болгария үчүнчү болушту. Айымдарда Румыния биринчиликке ээ болсо, Түркия экинчиликти алды.



Тектеш кабарлар