Түрк басма сөзү 30.10.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

836931
Түрк басма сөзү 30.10.2017

«Сабах» гезити «Түркия оюнду бузат» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын, айрым күчтөрдүн дүйнөлүк жана аймактык деңгээлде бир канча сценарийлерди ишке ашырууга аркет кылып жатканын айтканын жазган. Түркиянын түштүгүндө террордук мамлекет курулууга аракет кылынганын баса белгилеген Эрдоган, Түркиянын бул оюнду буза турчу күчкө ээ экенин белгиледи. Эрдоган: «Республикабыздын 94 жылдыгын белгилеп жатканыбызга карабастан Түркияны жаңы мамлекет деп эсептегендер буга чейинки миңдеген жылдык тажрыйбабызды, күчүбүздү көрүшкөн жок»,-деди. Эрдоган: «Маңдайыбыздагылар мыйзамга, укукка жараша кыймыл кылып жатышса мыйзамдын эрежелери менен бузабыз. Бирок алар булардын эч бирине баш ийбесе ошондо бул оюнду күч менен бузабыз»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «Айдоочусуз унаалар келе жатат» деген маалыматында Коргоо өнөр жайы кеңешчилиги, айдоочусуз жана акылдуу унааларды өндүрүү үчүн ишке киришкенин билдирген. Жергиликтүү айдоочусуз унааларды чыгаруу үчүн Робоик сынагы башталды. Түркия бир канча жылдын ичинде автономдуу, өз жолун таба алган жана берилген кызматты алыстан башкаруучу пульт болбостон орундаткан аскердик унааларды өндүрүүнү каалап жатат.

«Хабер түрк» гезити «Стамбулдун экономикасы 130 өлкөдөн дагы жогору» деген маалыматында Стамбулдун губернатору жана Стамбул Өнүктүрүү агенттигинин башчысы Васип Шахин, 349 миллиард долларлык экономикалык көлөмү менен Стамбулдун 130 өлкөнү артта калтырганын айтканын билдирген. Шахин: «Стамбул Өнүктүрүү агенттиги катары өлкөбүздүн жогорку кирешелүү өлкөлөрдүн арасына изилдеп-өнүктүрүү (Ar-Ge) жана жаңылоочу иштердин негизинде пайда боло турган кошумча нарктуу товарлар аркылуу кирээрине ишенебиз»,-деди. Стамбулдун Түркия экономикасынын орто эсеп менен 40 пайызын түзгөнүн баса белгилеген Шахин: «Стамбул өз кирешеси менен Румыния, Венгрия, Хорватия жана Люксембург сыяктуу 25 Европа өлкөсүн артта калтырууда жана 130 өлкөдөн дагы жогорку экономикалык күчкө эгедер»,-деди.

«Стар» гезити «Дүйнөнүн маданиятка бай өлкөсү Түркия» аттуу маалыматында Антальянын байыркы Перге шаарында иликтөөлөрдү жүргүзгөн маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш, бул байыркы шаардын дүйнө жүзүнө таанытылышы керектигин айтканын жазган. Байыркы шаардын укмуштуудай жер экенин бирок абдан аз бөлүгүн жарыкка чыгара алгандарын баса белгилеген министр Куртулмуш, байыркы Перге шаарында казуу жана оңдоо иштеринин уланганын, дүйнөнүн эч бир жеринде мындай баалуулуктун жок экенин айтты. Куртулмуш: «Б.з.ч 4 миң жылдан бери бул шаар ушул жерде турат. Үстүнө эллинистик доордо, Рим доорунда бир нерселер кошулуптур. Бирок бул жерди таанытуу үчүн туризмчилерибиз да аракет кылышы керек. Антальяда абдан жогору туризм потенсиалы бар жана сектор чоң маалыматка эгедер»,-деди.

«Ватан» гезити «Орусия туризмде негизги рынок» деген маалыматында быйыл 3 миллион 333 миң турист менен Түркияга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн тизмегинде биринчиликти алган Орусияга байланыштуу оң күтүүлөр болуп жатканын билдирген. Түркия отелчилер бирикмесинин баш катчысы Хедие Гүрал Гүр: «2018-жылы Түркиянын негизги рыногунун Орусия болушу күтүүсүз болбойт»,-деди. 2019-жылдын Орусия менен Түркиянын ортосунда эки тараптуу түрдө «Маданият жана туризм» жылы экенин эске салган Гүр: «Бул мүмкүнчүлүктү пайдалануубуз, өткөрүлө турчу иш-чараларды азыртадан пландообуз абдан маанилүү»,-деди.



Тектеш кабарлар