Түрк басма сөзү 28.10.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

835580
Түрк басма сөзү 28.10.2017

«Сабах» гезити «Премьер  - министр Йылдырымдан Барзани тууралуу маалымат» деген кабарында премьер  - министр Бинали Йылдырым Чанкая сарайында Сомалинин премьер  - министри Хасан Али Хайри менен өткөргөн пресс – жыйында Ирак аймактык күрт башкаруусунун мыйзам тышы элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарын тоңдуру сунушуна байланыштуу : «Түндүк Ирак башкаруусу кандай чечим чыгарса чыгарсын, бүгүн келинген жерде алардын чыгара турган чечими кетирген каталарын оңдой турган жыйынтыкты бербей тургандыгы белгилүү. Жаңылыш эсептешиптир. Жаңылыш эсептөө да Анкарадан, Багдаттан, Тегерандан кайра кайтты. Мындан кийин Иран, Түркия, Ирак болуп аймактын тынчтыгы, коопсуздугу, террор менен күрөшүү үчүн тагы таасирдүү иш алып барабыз»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Зейбекчиден немис банктары тууралуу айтылгандарга жооп» деген маалыматында экономика министри Нихат Зейбекчи немис банктарынын Түркияга финансыны чектей тургандыгы тууралуу айтылган сөздөрдүн негизсиз экендигин айткандыгын жазган. Нихат Зейбекчи тышкы экономикалык карым – катнаштар кеңеши өткөргөн Түркия  - Өзбекстан иш форумунан киийн журналисттердин суроолоруна жооп берди. Зейбекчи немис банктарынын Түркияга карата финансыны чектей тургандыгына байланыштуу айтылгандар боюнча : «Булардын негизсиз кабар экендигин тийиштүү мекемелер мындай чечимдердин жана ишке ашыруулардын болбогондугун өз ооздору менен билдиришүүдө»,- деди.

«Хүррйиет» гезити «Грек министр : Эрдоган Афинага келет» деген маалыматында Грециянын тышкы иштер министри Никос Косиастын так күндү белгилбестен президент Р. Т. Эрдогандын ноябрь айынын акырында же декабрь айынын баштарында Афинага сапар менен барарын айтканын жазган. Косиас  пресс – жыйынында шейшемби күнү Анкарада президент Эрдоганга Афина сапары үчүн расмий чакырууну билдиргендигин белгилеп : «Эрдоган кабыл алды жана сапардын дароо ишке ашышын каалады», - деди. Косиас президенттик комплекстеги жолугушууда Эрдогандын өзүнө Грецияга качкан жана Түркияга тапшырылбашына чечим чыгарылган 8 козголоңчу аскер темасын ачкандыгын белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Кичинекей Моцарт синфония жазууда» деген макаласында мугалимдеринин айтуусу менен «Моцарт кулагына» ээ 14 жаштагы Барту Өзсой жаза баштаган синфонияны бүтүрүп бир алгычкыга кол коюга даярданып жаткандыгын жазган. Барту Өзсой Түркияда өткөрүлгөн солист конкурстарында ийгиликке жетишип, биринчи концертин 10 жашында өткөргөн. Измирдеги концерттин  видеосун Париж опера оркестр өнөрпозу жана Кретий консерваториясынын мугалими Тьерри Хучиндин көргөндүгүн жана турмушунун ушундайча өзгөргөндүгүн белгилеген Өзсой : «Хучин мени абдан жактырыптыр. Парижде мага билим берүүнү каалагандыгын айтты. Үй  - бүлөм менен кабыл алдык. Азыр болсо Париждебиз. Көптөгөн мугалимдерден скрипка жана фортепиано сабактарын алып жатам»,- деди.



Тектеш кабарлар