Түрк басма сөзү-26.10.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

835044
Түрк басма сөзү-26.10.2017

«Хүррийет» гезити «ПККга каршы биргелешкен күрөш» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибадини Президенттик комплексинде кабыл алганын жазган. Эрдоган, Ибади менен болгон жолугушуудан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү. Эрдоган, террор уюму ДЕАШка каршы Ирак армиясынын жүргүзгөн күрөшүнөн натыйжа чыкканын, бирок ДЕАШтан тазаланган жерлерге жикчил террор уюму ПККнын жайгашуу аракеттеринин болгонун айтты. Эрдоган: «ПККнын Иракта бир түзүлүшү болгонун билебиз. Кандил сыяктуу, Синжар сыяктуу бул аймактарда ПККнын бар экени айтылууда. Булардын бардыгында биз ар түрдүү колдошууну кылып бигелешкен күрөштү жүргүзүүгө Түркия катары даярбыз»,-деп айтты.

«Сабах» гезити «Йылдырым; кош орундуу өсүү таң калтырбасын» аттуу маалыматында премьер-министр Бинали Йлдырымдын  Измирде Эгей экономика форумуна катышып сөз сүйлөгөнүн берген. Бинали Йылдырым Түркиянын экономикалык өсүүдө 7 пайызга жетишинин таң калтырбашы керектигин айтты. Йылдырым: «Бул кризистердин ортосунда 2017-жылы Түркиянын жолун ача турган абдан маанилүү чечимдерди чыгардык. Өсүү арта баштады. Түркиянын 2018-жылы 2017-жылдан дагы жакшы болот. Үчүнчү чейректе Түркия Чоң жыйырмалыктын ичинде эң жогору өскөн өлкө болот. Кош орундуу сандарга жетсе таң калбаңыздар. Эл аралык мекемелер Түркиянын өсүү божомолдорун жасоо жагынан класста көчпөй калды»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия гени өзгөртүлбөгөн пахта өндүрүүдө лидер өлкө» аттуу маалыматында Түркиянын классикалык асыл ыкмалар менен өнүктүргөн үрөндөрү менен дүйнөдө бир бирдик аянттан эң көп пахта буласынын түшүмүн алган өлкө болгонун жазган. Түркия республиканын алгачкы жылдарында башталган пахта изилдөөсү менен ген трансферин кылбастан классикалык асыл ыкма менен машиналуу түшүм жыйноого ылайыктуу, түшүмдүү, жогорку натыйжалуу жана ооруларга чыдамдуу улуттук пахта үрөнүн өнүктүрүүдө.

«Хабер түрк» гезити «Түркия Европа Биримдигине мотордуу унаа экспортоодо биринчи орунда» аттуу маалыматында Түрк автомобиль өнөр жайы рекорддордун үстүнө рекордго жетишип, ырааттуу жана тынымсыз арткан көлөмдө илгерилөөсүн улантууда экенин маалымдаган. Түркия ЕБне мотордуу унаа экспортунда Япония, Түштүк Корея жана АКШ сыяктуу дөө-шааларды артка калтырып, өткөн жылы биринчи орунду алды. ЕБ өлкөлөрү өткөн жылы орто эсеп менен 45,7 миллиард евролук 3,4 миллион мотордуу унааны Түркиядан импорттоду.

«Ватан» гезити «Улуттук издегич система» аттуу маалыматында акыркы мезгилдерде санариптик кызматтарына басымдуу орун берген Turkcell, жергиликтүү издегич система «Yaani» системасын таанытканын маалымдады. Аткарылган алгачкы жергиликтүү издегич система өзгөчөлүгү болуучу «Yaani», мобилдик аппарттар аркылуу колдонулат.



Тектеш кабарлар