Түрк басма сөзү-24.10.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

833500
Түрк басма сөзү-24.10.2017

«Хүррийет» гезити «Европаны эскертүү; Кыямат сценарийи» аттуу маалыматында Босния-Герцеговинанын куруучусу жана алгачкы президенти «Акылман падыша» каймана аттуу Алия Иззетбегович үчүн дүйнөдөн кайтышынын 14-жылында кечээ Бештепеде эскерүү иш-чарасы уюштурулганын жазган. Иш-чарага президент Режеп Таййип Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган, Босния-Герцеговинанын президенттик кеңешинин мүчөсү Бакир Иззетбегович жана жубайы Семиха Иззетбегович катышты. Эскерүү программасында Эрдоган, Европага катуу сын айтты. Президент Эрдоган, Австрияда иттер менен тинтүү жана Нидерландия шайлоолору тууралуу «Акыркы шайлоолордо нидерланддардын ганнибалдары менен адамдарыбызга кантип кол салганын көрдүк. Жикчилдик күчөгөн Европа апаатты көздөй сүрүлүүдө. Учурдагы көрүнүш келечегибиз жагынан кыямат сценарийин чагылыштырууда»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Ибади эртең Анкарада» деген маалыматында Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибадинин 25-октябрь шаршемби күнү Анкарага келээрин жазган. Премьер-министрликтен алынган маалыматтарга караганда Ибади сапарынын алкагында Чанкая сарайында премьер-министр Бинали Йылдырым менен жолугат. Жолугушууда Түркия менен Ирактын ортосундагы кызматташтыктын аймактык тынчтык, ырааттуулук жана коопсуздукка салым кошо тургандай түрдө өнүктөрүлүшү, Ирактын күрт аймактык башкаруусунда (ИКАБ) 25-сентябрда болгон мыйзамсыз референдумдан кийин болгон абалдар жана ушул алкакта биргелеше таштала турган кадамдар каралат.

«Сабах» гезити «Түркиядан Араканга 50 миллион доллар» аттуу маалыматында аракандык мусулмандарга 50 миллион доллардан көп жардам бере турганын билдирген Түркияга БУУдан «глобадык түрдөгү жоомарт өлкө» деген мактоо айтылганын маалымдаган. Европа Биримдиги менен Кувейт жол башчылык кылган жана Эл аралык миграция уюму, Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссардыгы менен БУУнун гуманитардык иштер боюнча координация кеңсеси биргелеше өткөргөн «Аракандык баш калкалоочулар үчүн эл аралык жардам конференциясы» кечээ Швейцарияда өттү. Түркиянын БУУнун Женева кеңсесиндеги туруктуу өкүлү, элчи Али Нажи Корунун конференцияда айткан, «Пландалган долбоорлор жана тапшыруулар менен Түркия тарабынан (аркандык мусулмандарга) камсыздалган гуманитардык жардам көлөмү жалпысынан 50 миллион доллардан ашат” деп айтты. БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди да Корунун айткандарын мактады. Гранди: «Муну айта кетейин Түркия гуманитардык жардам жагынан глобалдык түрдө жоомарт донор өлкө болуу өзгөчөлүгүн улантууда»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия жумуш менен камсыздоо жагынан 24 Европа өлкөсүнө тете» деген маалыматында Түркиянын 5 жылда 2 миллион 384 миң кишиге жумуш мүмкүнчүлүнүн түзүп берген, Европада эң көп жумуш орунун жараткан өлкө болгону белгиленди. Түркиянын статистика мекемеси жана Eurostat көрсөткүчтөрүнө караганда 2012-жылы 24 миллион 821 миң жумуш менен камсыздалган Түркияда жумуш орун саны 2016-жылдан тарта 27 миллион 205 кишиге жетип, 5 жылда жаратылган кошумча жумуш орун 2 миллион 384 миң болгон.

«Ватан» гезити «Немис туристтер түштүккө келүүдө» деген маалыматында Германияннын туризм индустриясы боюнча федералдык биримдигинин (BTW) төрагасы Майкл Френзелдин Түркияга келе турган немис турист санында өсүүнү көргөндөрүн айтканын жазган. Франзел: «Учурдагы резервациялар Германиядан Түркияга келе турган турист санында күчтүү өсүүгө белги берүүдө. Эрте резервацияларга караганда 2018-жылы 15-20 пайыз өсүүнү көрө алабыз»,-деди. Френзел Түркия туризмде сапаттын ар дайым жогору болгонун, баа-сапат тең салмактуулугу туристтерди тартканын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар