Түрк басма сөзү 14.12.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

408511
Түрк басма сөзү 14.12.2015


«Йени Акит» гезити «Дүйнөнүн 5тен чоң экенин көрөлү» деген макаласында вице-премьер Нуман Куртулмуш дүйнөдөгө үстөмдүк кылган парадигманын кыйраганын белгилеп: «Адамдык сапат, эми эл аралык келишимдердеги кооз сөздөрдөн турууда. Бул система уланбайт. Түркия өз маданиятынан илхам алып дүйнөгө жол башчы болот»,- деди. БУУдагы 5 өлкөнүн 195 өлкөдөн айырмаланганын баса белгилеген Куртулмуш дүйнөдөгү маселелерди 5 өлкө чечсин деп таштасаңар эч бир кылмыштын, кыргындын эсебин сурай албайсыздар»,- деп кошумчалады.

«Стар» гезити «Түркияга ишенгендер эч уттурган жок» деген маалыматында илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык үчүнчү чейректе күтүлгөндөн жогору болгон 4 пайыздык өсүү көрсөткүчүнүн 2016-жыл үчүн да үмүт бергенин айтканын жазган. Министр Ышык: «Түркияга ишенгендер ушул күнгө чейин эч уттурбаганы сыяктуу мындан кийин да уттурбайт»,- деди. Министр Фикри Ышык өсүүдө өндүрүш өнөр жайынын чоң роль ойногонун жана ырааттуулуктун улана турганын баса белгиледи.

«Сабах» гезити «Мега долбоор тендер баскычына келди» деген маалыматында дүйнөдөгү мега долбоорлордун бири болгон Канал Стамбул үчүн акыркы кадамдар ташталып жатканын билдирген. Долбоордун багытындагы талаа аянттарынын колдонуу өзгөчөлүктөрү аныкталып, даярдалган план Экология жана шаар пландоо министрлигине тапшырылды. Стамбулдун чоң бөлүгүн аралга айландыра турган Канал Стамбул долбоору үчүн алдыбыздагы айларда тендер процесси башталат. Карадеңиз менен Мраморду жасалма кысык менен байланыштыра турган долбоор аркылуу Канал Стамбулдан күнүнө 150-160 кеме өтмөкчү.

«Йени Шафак» гезити «Атаандаштык газдын баасын төмөндөтөт» деген макаласында Орусиянын дүйнөнү газ менен коркуткан мамилеси Европа Биримдиги өлкөлөрүн тынчсыздандырганын жазган. Бул абал Орусиянын өзүн дүйнөлүк соодадан күн сайын алыстатууга себепчи болуп, газдын баасына оң чагыла турчу процесстин башталышына да пайдубал даярдоодо. Ушул алкакта Түркиянын Катар менен Азербайжандан газ алып келүү демилгеси базарларда оң таасир жаратса, андан соң Израилдин да «Түркияга газ сатышыбыз мүмкүн» деген билдирүүсү энергетика базарларындагы жаңы мезгилди баса белгилөөдө. Жарытылыш газда атаандаштык күч алып баалар арзандай турган мезгил баштала турганын белгилешкен адистер, атаандашчыл базарда газдын геополитикалык курал катары колдонулуусунун эми мүмкүн эмес экенин белгилешүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар