Түрк басма сөзү-13.12.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

362155
Түрк басма сөзү-13.12.2015

«Йени Акит» гезити «Гуманитардык жардам коому İHH 80 миң жетимге кол сунду» аттуу маалыматында İHHнын дүйнө жүзүндөгү жетимдерге жардам көрсөтүп жатканын жазган. Гезит ушул убакка дейре 80 миң жетимге кол созгон İHHнын, жардамдарын 5 миллион жетимге жеткирүүнүн эсептерин кылып жатканын баяндаган.
«Стар» гезити «Путинге футболка бушаймандыгы» аттуу маалыматында Түркия менен болгон учак кризисинен кийин экономикалык санкцияларды киргизе тургандарын айткан Орусиянын президенти Владимир Путиндин футболка жана кир жууган машина буйшаймандыгына кабылганын жазган.
Гезит бетинде Түркияга каршы ураандар орун ала турган футболкалардын өндүрүшү Түркиядан импорттолгон кездемелердин бажыканада күттүрүлүшүнүн себебинен баштала албаганын, Бош-Сиеменс ишканасынын Түркиядан баруучу өнөр жай тетиктери бажыканада кармалып калганы үчүн Путин андан башка бушаймандыкты кир жууган машина өндүрүүсүн токтотуп тартканын белгилеген. Гезит Орусияда текстиль жана өнөр жай чоң зыянга учурап жатканын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Эртең көк асманда метеорид жаайт» аттуу маалыматында 2015-жылдын акыркы жана эң көркөмдүү көк асман окуясы «Геминиддер астероид жамгыры» эртең кечинде саат 19да башталаарын маалымдаган. Гезит жарык нуру аз жерлерден астероиддердин жааганы көз менен көрүлсө боло турганын, эртеси күнү таң атканга чейин саатына 120дай астероид түшүшү күтүлүп жатканын жазган. Өзгөчө Түркияда караңгы жерлерден даана көрүнө турганы белгиленген.
«Йени шафак» гезити «Нобель сыйлыктуу түрк профессору жаңы табылгасын жарыялайт» аттуу маалыматында профессор,др. Азиз Санжардын клеткалардын зыянга учураган ДНКларын кантип оңдогонун жана генетикалык маалыматын коргогонун картадан изилдөөлөрүнөн улам «2015 Нобель химия» сыйлыгына ылайык көрүлгөнүн маалымдаган.
Гезит анда түрк илимпозунун жаңы табылгасын жакынкы убакта жарыялашы күтүлгөнүн жана атактуу илимпоздун президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен алдыдагы апталарда Түркияга келиши күтүлгөнүн белгилеген.
«Хабертүрк» гезити «Месневинин эң эски түп нускаларынан бири алгач ирет басылып чыкты» аттуу маалыматында Түркия Жазма чыгарма мекемеси айрым байыркы чыгармалардын түп нускаларын басып чыгарууда экенин белгилеген. Анда бул чыгармалардын арасында Мевлананын «Месневисинин» мындан 643 жыл мурда, 1372-жылы көчүрүлгөн бир нускасы да орун алды.
Гезит Фатих Султан Мехмеддин уулу Экинчи Байезидге таандык Курандын да толук беш кылымдан кийин түп нускасынын басылып чыгарылууга даярдалганын, 1273-жылы дүйнө салган Мевлананы эскерүү максаты менен алдыбыздагы жумада бир топ шаарда иш-чаралар өткөрүлөөрү, Коньядагы аземге жыл сайын болгонундай мамлекеттик жетекчилик да катышаары маалымдалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар