Түрк басма сөзү 10.12.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

405387
Түрк басма сөзү 10.12.2015


«Йени Акит» гезити «Жергиликтүү өнөрпоздорго улуттук сыйлык» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдоган Президенттиктин имаратында уюштурулган «Президенттиктин маданий жана көркөм өнөр сыйлыктарын тапшыруу аземинде» сүйлөгөн сөзүндө: «Бүгүн бул жерде сыйлыктары тапшырыла турчу жергиликтүү жана улуттук деп баса белгилөөгө аракет кылынган ысымдар, өз тармагындагы мыкты өкүлдөр болуп саналат»,-деп айтканын жазган. Эрдоган кино тармагында Мүнир Өзкулдун атынан кызы Гүнер Өзкулга, адабият тармагында Расим Өзденөренге, музыка тармагында Орхан Генжебайга, социалдык илимдер жана тарых тармагында Мехмет Генчге, салттык көркөм өнөр тармагында Хүсейин Кутлу жана маданий-көркөм өнөр сыйлыгынын алкагында да Жемил Меричтин атынан кызы Үмит Меричке сыйлыктар тапшырылды.

«Сабах» гезити «Орус туристтердин ордун 12 өлкө толуктайт» деген маалыматында Түркиянын маданият жана туризм министрлиги Орусия кризисинен кийин туризмде жаңы жол картасын белгилегенин жазган. Планга караганда 1-март-15-июнь күндөрүнүн аралыгында учактарга көрсөтүлүшү пландалган 6 миң доллардык күйүүчү май колдоосу Англия, Ирландия, Нидерландия, Дания, Бельгия, Норвегия, Швеция, Финляндия, Латвия, Эстония, Литва жана Польша менен катар 12 өлкөнү камтый тургандай түрдө кеңейтилет. 3 миллиондук орус туристтердин ордун бул өлкөлөр менен бирге Израиль жана Жакынкы Чыгыштык туристтер толуктамакчы.

«Хүррийет» гезити «Конгрессте жалгыз дарек» деген макаласында Түркия эми бир гана кум, деңиз, күн эмес тарых, маданият жана конгресс турузми менен да жаңыра турганын жазган. Анталья, Анкара, Измир, Бурса жана Кушадасындагы конгресс борборлорунда ушул жылдын ичинде ондогон эл аралык конгресстер өткөрүлсө, Стамбул бул темада эң башта турган шаар катары көңүлдөрдү бурууда. Стамбулдун 500 кишиден ашуун делегацияга жетекчилик кылган 113төн ашуун иш-чара менен дүйнөдө биринчи орун турганын айткан Түркия саякат агенттиктери биримдигинин төрагасы Башаран Улусой: «Конгресс туризми үчүн келген туристтер 2 миң 500 доллардан ашуун каражат сарптоодо, ушундан улам туризм дагы да ылдам өсүп баратат»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар