Түрк басма сөзү 9. 11. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

404919
Түрк басма сөзү 9. 11. 2015

«Хабер түрк» гезити «Давутоглу : «Керек боло турган болсо санкцияларыбызды ишке киргизебиз» деген макаласында премьер – министр Ахмет Давутоглу Орусиянын эмбаргосуна каршы бардык чараларды көрүшкөндөрүн айтканын жазган. Давутоглу Түркиянын Орусиянын жалаасына жана күнөөлөөсүнө дуушар болгонун белгиледи.
«Йени шафак» гезити «Түрк аскери келишим боюнча Мусулда» деген маалыматында Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун лидери Месут Барзани түрк аскеринин Мусулга жайгашуусунун түзүлгөн келишим боюнча ишке ашканын эске салып Ирактын премьер – министри Хайдар ел – Ибадинин каршы чыгуусу үчүн да маселенин күчөтүлгөнүн айтканын жазган. Бүгүн Анкарада жолугушууларды өткөрө турган Барзани ДЕАШ менен күрөшүүдө Түркиянын ролу кандай болору тууралуу сүйлөшүшөрүн айтты.
«Йени акит» гезити «ДЕАШ террористинен моюнга алуу: ДЕАШ чыгарган нефтисин Асадга сатууда» деген маалыматында Сирияда оппозициячылдар ДЕАШ менен Асаддын кызматташтыгын далилдеген бир видео жарыялаганын жазган. Видеодо Халеп аймагында оппозициячылдарды барымтага алган бир ДЕАШ террористти уюмдун текшерүүсү астындагы аймактардан чыгарган нефтини Асад режимине сатканын айткан.
«Хабер түрк» гезити «Билал Эрдоган Италия гезитине маанилүү маалымат берди» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын уулу Билал Эрдоган Италиянын жогорку тираждуу гезиттеринен «Corriere della Seraнын» суроолоруна жооп берди. Орусиянын айтканындай өзүнүн нефть жүктөй турган кемесинин жок экенин айткан Эрдоган ДЕАШтын исламдын өкүлү эмес, өлкөсүнүн душманы экенин баса белгиледи.
«Сабах» гезити «Өнөр жай өндүрүшү октябрь айында 5 жылдын эң жогорку өсүүнү көрсөттү» деген маалыматында өсүүнүн алдыңкы көрсөткүчү болгон өнөр жай өндүрүшү октябрь айында 14, 7 пайыз менен 5 жылдын эң жогорку өсүүсүн көрсөткөнүн жазган. Ушундайча 2011 - жылдын январь айынан бери эң жогорку өсүү ылдамдыгына жетишти. Адистер саясий ырааттуулуктун да таасири менен өсүүнүн төртүнчү чейректен баштап ылдамдай турганын белгилеген. Билим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык да экономикага болгон ишенимдин артуусу менен бирге өнөр жай өндүрүшүнүн да кайрадан жогору карай өскөнүн белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар