Түрк басма сөзү 7.12.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

402583
Түрк басма сөзү 7.12.2015



«Йени Акит» гезити «21-кылым түрк кылымы болот» деген маалыматында Каспий аймагы дүйнөлүк энергетика картасына жаңы кошулган аймак экенин жазган. Президент Режеп Тайип Эрдогандын эң маанилүү долбоорлорунун бири да ушул аймакта Кытайдан Брюсселге чейин жеткен тарыхый Жибек Жолун жандандыруу болуп саналат. Түркия бир тараптан Түркмөнстан, Азербайжан жана Грузияны жанданта турган Баку-Карс темир жолунун курулушун ылдамдатууну пландоодо. Бул жол салынып бүткөндө Каспий транзиттик жол дүйнөлүк картага кирген болот. Азербайжан газын Түркия аркылуу Европага жеткире турган Транс Анадолу газ кууру долбоору да аяктаганда түрк дүйнөсү чоң секирик жасамакчы.

«Йени Шафак» гезити «Түрк фирмаларынан Путинге чоң сокку» деген макаласында Орусиянын Түркияга каршы баштаган импорт тыюу салуусу бумеранг сыяктуу өзүнүн экономикасына терс таасирин тийгизип жатканын жазган. Түркиядан импорттолуучу мөмө-жемиштерге тыюу салган Орусия ичкериде жокчулук жана кымбатчылык менен күрөшө баштады. Эң акыркысы 1 килограмм лимондун баасы 10 долларга жеткендиктен Путин башкаруучулугу «лимонду алалы» деди бирок күтүлбөгөн жоопко туш болду. Түрк экспортчулар жөнөтпөйбүз дегендиктен кризис курчуду. Орусияда бир гана лимондун эмес бардык цитрус өсүмдүктөрүнүн баасы кымбаттады. Өлкөдө алдыбыздагы жыл үчүн чоң инфляция коркуусу башталды.

«Ватан» гезити «Орус туристтердин ордуна Индия менен Иран альтернатива болот» деген маалыматында Түркиянын маданият жана туризм министри Махир Үнал Орусия менен болуп жаткан кризистен Түркия туризминин зыян тартышына жол бербей тургандарын айтканын жазган. Үнал Индияда эс алуу көнүмүшү болгон 300 миллиондук калкка карай иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын эске салып, Иран үчүн да иш-чараларды жүргүзө тургандарын маалымдады.

«Сабах» гезити «Медицинада диагноз коюунун борбору Түркия» аттуу макаласында Түркия саламаттык сактоо тармагындагы инвестицияларынын түшүмүн ала баштаганын жазган. Азия жана Европадан көптөгөн оорулуу дарылануу үчүн Түркияга келсе учурда Европанын бир канча өлкөсүндө чыгарылбаган анализдердин жыйынтыктарын эми Түркияда дароо чыгарууга болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар